Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:46

МАГАТЭнин башчысы Евробиримдик менен Ирандын сүйлөшүүсү ушул айда жанданарына үмүттөнөт


Мохаммед эл-Барадейи бүгүн Ирандын өзөктүк программасы боюнча Тегеран менен Евробиримдик ортосундагы сүйлөшүүлөр ушул айда кайра жанданарына ишеним билдирди. Учурда иш сапары менен Москвада жүргөн эл-Барадейи өткөн айда эч макулдашуусуз токтогон сүйлөшүүлөрдүн кайра баштоо аракетине Орусия да тартылып жатканын кошумчалады. Евробиримдик Ирандын маселесин БУУнун Коопсуздук кеңешине берүүгө ниеттенүүдө. Мындай болгон шартта Иранга каршы санкция киргизилиши ыктымал. Иран президенти Махмуд Ахмадинежад бүгүн мамлекеттик телекөрсөтүүдөн чыккан учурунда алар сүйлөшүүлөрдү Ирандын өзөктүк технологияга ээ болуу укугу таанылган учурда гана колдоорун белгиледи. Мурдарак Тегеран Евробиримдик менен сүйлөшүүгө даяр экенин билдирген болчу.

XS
SM
MD
LG