Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:57

Литва орусиялык учактын кулашы боюнча иликтөөнү аяктады


Иликтөө жүргүзгөн комиссиянын пикиринде , СУ-27 үлгүсүндөгү орусиялык аскерий учактын алардын аймагына кулашынын негизги себеби – техникалык проблемалар менен учкучтун катачылыгы. Буга байланыштуу бүгүн орус коргоо министри Сергей Иванов төмөнкүлөргө токтолду:

- Бул баарыбыз үчүн олуттуу сабак. Албетте, биз инцидентке алып келген бардык катачылыктарды өзүбүз иликтейбиз. Азыр бул тууралуу айтуу эртелик кылат, себеби биз азырынча учкуч менен да нормалдуу сүйлөшө албай жатабыз. Качан ал кайтканда өтө кылдат иликтөө жүргүзүп, тийиштүү жыйынтыктарды жасайбыз.

Литванын прокуратурасы комиссиянын маалыматын изилдеп, андан соң гана орусиялык учкучтун кийинки тагдыры боюнча чечим кабыл алууга ниеттенүүдө.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG