Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:30

Ирактын парламенти Конституция боюнча референдум өткөрүү эрежесин кайра мурдагы калыбына келтирди


Ирактын парламенти бүгүн өлкө Конституциясынын долбоору боюнча референдум өткөрүүнүн баштапкы эрежелерине кайтуу чечимин кабыл алды. Мурдараак парламент тийиштүү мыйзамга Конституция долбоору четке кагылыш үчүн кеминде үч провинциядан референдумга келгендер эмес, катталган шайлоочулардын үчтөн эки бөлүгүнүн добушун талап кылган өзгөртүү киргизген эле. Муну эл аралык нормаларга ылайык келбеген иш катары АКШ жана Улуттар уюму сынга алган болчу. Ага өлкөдөгү суниттер да каршылык билдирген. Ирак парламенти кайра мына ошол өзгөртүүлөрдү жокко чыгарды. Бүгүн "Азаттык жана Эркин Европа" радиосунун Прагадагы баш кеңсесинде болгон учурунда Ирак президенти Жалал Талабани парламенттин шайлоо мыйзамын өзгөртүү укугун коргоп, мындай деди:

- Мен Конституция Ирактын бүткүл проблемасын чечет деп ырастай албайм, минтип эч ким айта албайт. Бирок Конституциянын кабыл алынышы ирактыктарды бийликтин туруктуулугуна, жаңы демократиялык Ирак жашаарына, Ирак элинин эркин эч кандай террорчулар сындыра албасына ишендириши керек.

Конституциялык референдум Иракта 15-октябрга белгиленген.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG