Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 01:13

Пикет, митингдер жөнүндө токтом жокко чыгарылат


БИШКЕК. Башкалаада пикет жана митингдер Горький эстелигинин жанында гана болсун деген норманы киргизген токтомун шаардык кеңеш кайра жокко чыгарганы турат. Бул тууралуу Бишкек шаардык кеңешинин төрайымы Нуржамал Байболова “Азаттыкка” билдирди. 2004-жылы январь айында кабыл алынган бул токтомго ылайык, пикетчилерге чатыр же боз үйлөрдү тигүүгө да тыюу салынган. Нуржамал Байболованын айтымында, бул токтом Аскар Акаевдин бийлигинин шарданы менен кабыл алынган демокартиялык принциптерге каршы келген токтом. Шаардык кеңеш бул токтомду жакынкы сессиларында карайт, ага чейин бейөкмөт уюмдар лидерлери менен шаардык кеңеш депутаттарынын бул маселе боюнча жолугушуусу күтүлүүдө.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG