Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:03

Том Дайн Бишкекте


БИШКЕК. “Эркин Европа/ Азаттык” радиосунун директору Том Дайн 5-октябрда Бишкекке жумушчу сапар менен келди. Ал аталган радионун кыргыз кызматы - “Азаттыктын” иши менен, өлкөдөгү 24- марттагы ыңкылаптан кийинки саясий акыбал менен жакындан таанышмакчы. Бүгүн Том Дайн мырзага Улуттук университеттин ардактуу профессору наамы ыйгарылды. “Эркин Европа/Азаттык” радиосунун берүүлөрдү уюштуруу департаментинин жетекчиси Жойс Девис айымга болсо Кыргызстандын Эл аралык университетининин ардактуу профессору наамы берилди. Ушул эле күнү Том Дайн өкмөт үйүндө президент Курманбек Бакиев менен жолугушту. Анда Кыргызстандагы сөз эркиндигинин абалы, анын ичинде “Азаттыктын” алган орду, тууралуу сөз болду. Президент Курманбек Бакиев мындан сырткары өлкөнүн алдыдагы беш жыл ичиндеги өнүгүү багыттарына токтолуп, мындан ары экономикага, өндүрүш тармагына өзгөчө көңүл бурулаарын белгиледи. Том Дайн мырза болсо Кыргызстанда жаны бийликтин тушунда ийгиликтер, өнүгүүлөр болооруна үмүт артаарын билдирди.

XS
SM
MD
LG