Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 12:18

АКШнын Мамлекеттик катчысы Кондализа Райстын Кыргызстанга келиши күтүлүүдө


БИШКЕК. АКШнын Мамлекеттик департаменти 5-октябрда тараткан маалыматка караганда, Кондализа Райс эмдиги жумада Ооганстан жана Борбор Азия өлкөлөрүндө иш сапары менен болот. Мамлекеттик катчынын сапары алгач Ооганстандан башталып, андан ары Тажикстан, Кыргызстан жана Казакстанга уланат. Кондализа Райс сапар учурунда аталган мамлекеттердин жетекчилери менен жолугушуп, бул өлкөлөр менен АКШ ортосундагы кызматташтык байланыштарды чыңдоо, коопсуздукту камсыз кылуу, демократияны бекемдөө, сөз эркиндигин өркүндөтүү жаатында сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт. Бирок Мамлекеттик департаменттин маалыматында сапардын так күнү белгиленген эмес. Ал эми Кыргызстандын тышкы иштер министрлигинен жана президенттин маалымат кызматынан азырынча бул тууралуу расмий маалымат жоктугун ушул эле күну “Азаттыкка” билдиришти

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG