Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:37

ТАЛАСТЫН КАЗАКСТАН МЕНЕН ЧЕКТЕШ АЙМАКТАРЫНДА ЧЕГАРА МАСЕЛЕСИ КУРЧУУДА


Машакбай Рахманкул уулу, Талас Казакстан менен Кыргызстандын ортосундагы чегара аймактарында талаш участоктор айрыкча Талас облусунда көп. Айрыкча Казакстан менен чегара маселесинде өтө талаштуу аймактары бар айылдардагы абал уламдан улам чыңалып баратат. Манас районундагы андай участоктор аздыр-көптүр чечилип калды. Ал эми Карабуура районундагы Аманбаев, Шекер жана Көксай айыл өкмөттөрүнө караштуу талаш участокторунун башы алиге чейин чечиле элек. Ойгайын жана Байдамтал жайлоолоруна Кыргызстандан мал барбай калып, эбак эле Өзбекстан менен Казакстандын карамагына эч кандай келишимдерсиз өтүп кеткен. Күзгү түшүм жыйноонун азыркы шарттарында аталган айыл өкмөттөрүнүн дыйкандары өздөрүнө тиешелүү талаалардан өстүргөн түшүмдөрүн жыйнап, ташып алууда зор кыйынчылыктарга дуушар болууда. Бул маселе боюнча Таластагы кабарчыбыз чегарадагы Кайнар айылынын башчысы, облустук Кеңештин депутаты Айткул Тайлаковду кепке тартты.

- Сиз жетектеген Кайнар айылы казак туугандар менен чегара аймакка кирет. Силерде кандай проблемалар бар?

- Эң эле көп проблема Кайнар айылында болуп атат. Себеби Кайнар айылынын үстүндө казактардын 1700 гектар шынаа болуп кирип кеткен жери бар. Ушул жердин үстүндө биздин айылдын үлүш жери бар, ошол үлүш жерге да өтө албай калдык.

- Ал эми азыр кантип өтүп атасыздар?

- Эптеп өтүп атабыз. Кармап алса, алып кетет. Үч күн мурда ушундай окуя болду, үлүш жерине өтүп бараткан эки атуулду казактын чегарачылары сегиз саат кармап алышты, ортого түшүп атып, араң бошотуп алдык.

- 1700 гектар аянт шынаа болуп кирип кеткен деп айтып атасыз. Ошону чечиш үчүн маселе койдуңуздар беле?

- Бул маселени эгемендик алгандан бери козгоп келатабыз. Жогорку Кеңеште да, министрликте да, облустук, райондук администрацияларда да биздин кайрылуубуз бар. Бул маселе боюнча бир да иш жылган жок, жооп да жок. 1928-жылы эки өлкөнүн жер бөлүштүрүү боюнча жазылган токтомдо бул шынаа жок, кийин гана 1948-жылы пайда болгон. Ал эмне себептен пайда болгону белгисиз. Биздин жетекчилер бул маселеге кайдыгер мамиле жасашууда. Он жыл болуп калды, бүт документти даяр кылып турсак дагы бир да комиссия келип көрбөйт.

- Ушул маселени сиз облустук Кеңештин депутаты катары облустук Кеңеште да койдуңуз эле, ал жактан кандай каралып, кандай чечиле турган болуп атат?

- Эч кандай чечилген жок. Мен жамандагым келбейт, бирок өзүбүздүн жерлерди кереги жок деп аткан казака берип атсак бул кандай. Бул маселени облустук эмес республикалык масштабда баардыгы билет, бирок эч кандай жооп жок, эмне себептен экенин такыр түшүнбөй койдум.

- Шынаа болуп кирип кеткен жердин ары жагында үлүш жерибиз бар деп атасыз, ал канча гектар жер?

- 2 жарым миң гектар жер турат. Мамлекеттин кайра бөлүштүрүү фонддун жерлери бар, андан жогору көздөй биздин жайыттар да бар. Ал жайытка өтүш үчүн Көксайдын чыгыш жагынан айланып барыш керек.
XS
SM
MD
LG