Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:23

АМЕРИКАЛЫКТАР 20-КЫЛЫМДЫН ТАБЫШМАГЫН ЖАНДЫРЫШТЫ


Баян Жумакадыр кызы, Прага шаары Ушул жумада Американын окумуштуулары 1918-19 жылдарда болгон Испанка сасык тумоосунун пандемиясына канаттуулар сасык тумоосунун вирусу себеп болгон, деп жарыялашты. Өткөн кылымдын башында болгон пандемиядан кеминде 50 миллион адам каза болгондугу болжолдонот.

Америкалык окумуштуулар Вашингтондогу Куралдуу Күчтөр Институнун кызматкери Жеффри Таубенберг менен Атлантадагы Ооруларды Алдын Алуу Борборунун кызматкери Терренс Тампи 20-кылымдын эң бир чоң табышмактарынын бирин жандырууга жетишкенин билдиришти. 1918-жылкы грипттин пандемиясына канаттуулар сасык тумоосу түрткү болгон, деп жарыялашты окумуштуулар.

Британиянын таасирдүү вирусолог-эксперттеринин бири Жон Оксфорд бул ачылыш илимий жактан алып караганда чоң жетишкендик болгону менен, практикалык жактан караганда, үрөйдү учурган суук кабар экенин жашырбайт. Анын пикиринде, эгерде буга чейин окумуштуулар канаттуулар сасык тумоосунун H5N1 вирусу мутацияланып, адамдан адамга жугуучу түргө өтүшү ыктымал, деп божомолдоп келишсе, эми бул вирустун түрүн өзгөртпөстөн эле канаттуулардан адамга өтүшү ыктымал экени тастыкталып отурат. Ал эми бул дарттын Түштүк- Чыгыш Азия өлкөлөрү менен Россиянын жана Казакстандын бир катар аймактарында тутанганы, пандемия коркунучун алаканга салгандай жакындатты.

Азыр Азия өлкөлөрүнүн үй канаттууларында жайылган H5N1 вирусу адамга жугууга жөндөмдүү экенин көрсөттү. Сасык тумоодон 2003-жылдын соңунан бери 70 ке жакын киши каза болду. Ооруну жугузуп алып, каза болгондор негизинен үй канатуулары менен аралашкан адамдар. Бирок эгерде вирустун үй канаттууларынын органзиминдеги формасы адамдын кадимки сасык тумоосунун вирусу менен аргындаша турган болсо, анда дүйнө жүзүндө 1918-жылдагыдан да чоң пандемия тутанышы мүмкүн. Вирусолог Жон Оксфорд түзүлгөн акыбалга мындайча мүнөздөмө берет:

- Азыркы абалдын опуталдуулугу Түштүк-Чыгыш Азия өлкөлөрүнүн үй канаттууларынын арасында H5N1 вирусунун жайылганында. Америкалык окумуштуулардын, Таубенберг тобунун билдирүүсү бул опуртал абалды ого бетер курчутууда. Анткени 1918-жылы болгон сасык тумоонун вирусу H5N1 вирусунан анчейин деле көп айырмаланбайт, бул бир топко кирген вирустар. Вирус тоок, каз, өрдөктөргө жайылып, андан соң адамга өтүп, жыйынктыкта 50 миллион кишини кыргынга учураткан.

Америкалык окумуштуулар изилдөөлөр үчүн 1918- жылкы Испанка сасык тумоосунан каза болгон адамдардын Аляскада түбөлүк муздун шарттарында сакталып калган сөөктөрүн колдонушкан. Алар өлгөн кишилердин өпкөсүнөн алынган ткандарды иликтеп көрүп, дартка себеп болгон вирусту заман бап генетикалык технологиянын жардамы менен калыбына келтиришкен. Андан соң ал вирусту жаныбарлардын организмине киргизип, анын таасирин так изилдеп чыгуу үчүн гендик манипуляцияларды өткөрүшкөн. Көптөгөн эксперименттердин натыйжасында окумуштуулар канаттуулар сасык тумоосунун вирусундагы 4000дей аминокислотанын болгону 20-30ун өзгөртүүнүн арты менен вирус киши өлтүргүч күчкө ээ болуп кала турганын аныктап, вирустун мутациялануусу үчүн анчейинделе көп нерсенин кереги жок экенине күбө болушту.

Вирусолог Жон Оксфорд азыр баардык өкмөттөрдүн, саясий күчтөрдүн көңүл борборунда вируска каршы препараттарды ойлоп табуу маселеси болууга тийиш деп эсептейт:

- Биотерроризмди, Иракты унуткула. Баардыгын эстен чыгарып койгула, азыр биз үчүн чоң коркунучту Жаратылыш эненин өзү даярдап койду. Бул жана башка изилдөөлөр азыркы H5N1 вирусу бүткүл дүйнөнүн тып-тыйпылын чыгарышы ажеп эмес экенин бышыктады.

Адистин пикиринде, али убакыт бар. Азыр оорунун алдын алууга чара көрүү керек. Ал үчүн эң соңку технологияларды колдонуу менен вируска каршы эм дарылардын түрлөрүн иштеп чыгуу абзел. Ооруга каршы дарыларды иштеп чыгууга окумуштууларды шыктандыруу үчүн өкмөттөрдөн чыныгы саясий ниет талап кылынат.
XS
SM
MD
LG