Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:31

ИРАН МЕНЕН БРИТАНИЯ ОРТОСУНДА ЖАҢЫ ЧАТАК БАШТАЛДЫ


Нарын АЙЫП, Прага Британияда 5-октябрда жарыяланган маалыматтарга караганда, Иракта аракеттенген согушкерлерге кошуна Иран жардам көрсөтүп жатышы мүмкүн, бирок Британиянын өзүнүн аскерий адситеринин айтымында, күнөө өтө эле катуу. Башка байкоочулардын пикиринде болсо, бул маселенин Тегерандын өзөктүк программаларынан чыккан чатак менен да байланышы бар.

Британиянын "Пресс ассошиейшн" деген маалымат агенттиги аты аталбаган өкмөт өкүлүнө шилтеме берип, 5-октябрда тараткан маалыматка караганда, Ирактын жаңы жетекчилигине каршы террор аракеттерин жүргүзүп жаткан сунни согушкерлеринин артында кошуна Ирандын шийи мусулман уюмдары турушу мүмкүн.

Иракты мурда суннилер башкарып келген, бирок президент Саддам Хусейн кулатылгандан кийин бийликке өлкө калкынын көпчүлүгүн түзгөн шийилер келди. Ага чейин жана 2003-жылы ачылган согуштун башында Иран - Ирактын шийи мусулмандарына жардам көрсөтүүдө деп күнөөлөнүп келген, азыр болсо тескерисинче, Тегеран сунни согушкерлери менен байланышкан деп айтыла баштады.

Жарыяланган маалыматка караганда, Ирактын Басра шаарынын айланасында жайгашкан британиялык аскерлерге каршы жайында жана сентябрда бир нече бомба колдонулган жана ал бомбалар Иранда жасалган болушу мүмкүн. Ал тууралуу 6-октябрда Лондондо премьер-министр Тони Блэр да билдирди:

- Такталган маалыматтарга караганда, Иракта британиялык аскерлерге каршы гана эмес, өлкөнүн башка аймактарында дагы жаңы жардыргыч заттар колдонула баштады. Алар же Иранда өндүрүлгөн, же Иран колдоого алган 'Хезболла' уюму аркылуу Иракка келген. Бирок биз аны азырынча толук ишеним менен айта албайбыз.

Андай бомбалардан Иракта июлдан бери онго жакын британиялык аскер курман болду. Эксперттердин пикиринде, маселе Ирандын өзөктүк программаларынан чыккан чатак менен да байланышы бар болушу ыктымал, анткени ал программаларды токтотуу тууралуу сүйлөшүүлөр акыркы мезгилде туңгуюкка такалды жана мындай аракеттер менен Тегеран аны өз пайдасына чечүүгө умтулууда.

АКШ мурда эле маселени Бириккен Улуттардын Коопсуздук Кеңешинде караш керек деген пикирде болчу, бирок Алмания, Британия жана Франция чатакты дипломатиялык ыкма аркылуу чечүүгө аракеттенип, Иран өкүлдөрү менен бир нече сүйлөшүү өткөргөн. Андан майнап чыкпагандыктан, эми европалык мамлекеттер дагы Вашингтондун турумуна жакындай баштады.

Июлда Ирандын жаңы президенти болуп Махмуд Ахмадинежад шайлангандан кийин өзөктүк маселе ого бетер курчуду. Сентябрда Нью-Йоркто Бириккен Улуттардын Жалпы Ассамблеясынын сессиясында чыгып сүйлөп, Ахмадинежад Батыш мамлекеттерин бир кыйла коркутту. Анын айтымында, Иран өзөктүк курал чыгарууну көздөбөйт, бирок өзөктүк технологияны башка мусулман мамлекеттерине таратууга даяр.

Британиянын "Гардиан" гезити 6-октябрда жазып чыкканга караганда болсо, 5-октябрда Лондондон Тегеранга каршы жаңы күнөө коюлаары менен ирандык айрым саясатчылар Британиянын өзүн террорчулуктан күнөөлөй баштады. Алардын айтымында, кошуна Иракта стабилдүүлүк орношуна Иран өтө кызыкдар, бирок абалды Батыш өзү курчутууда. Мисал үчүн, акыркы мезгилде Ирандын чек арасын бузуп, өлкөгө Ирактан террорчулар өткөн жана алар Ирандын түштүк аймактарында бир нече жардыруу уюштурган. Ал террорчулардын артында - Иракта жайгашкан британиялык аскерлер турушу мүмкүн, дейт ирандык саясатчылар.

Британиянын кээ бир аскерий адистеринин пикиринде болсо, Басрадагы аскерлерге каршы колдонулган жардыргыч заттар мурдагы президент Саддамдын колдоочулары тарабынан деле даярдалган болушу мүмкүн.

Көпчүлүк байкоочулардын айтымында, улам күчөп бараткан чатактын чындап эле өзөктүк маселеге тийешеси бар. "Файненшл таймс" гезити 6-октябрда жазганга караганда, Ирандын Жогорку Улуттук коопсуздук кеңешинин башчысы Али Ларижани 4-октябрда билдирүү жасап, эгер өзөктүк маселе боюнча Тегеранга АКШ тарабынан өтө эле катуу кысым жасалса, Иран Америкага каршы өзүнүн бардык мүмкүнчүлүктөрүн колдонот деп жарыялаган.
XS
SM
MD
LG