Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:09

ГЕЗИТ ТАЛАШ, МЕЙМАНКАНА ТАЛАШ, САЯСАТ ТАЛАШ...


Кыргызстанда саясий кризистин белгилери пайда боло баштаганы, Азимбек Бекназаровдун кантип кызматтан алынганы, «Аккеме» мейманканасынын айланасындагы талаштуу иштер, «Вечерний Бишкек» гезитинин эски-жаңы ээлеринин аракети, жаңы өкмөт жыйыны. Кыргыз басылмаларында чагылдырылган урунт темалардын толук эмес тизмеси ушундай.

«Лица» гезити бейшемби күнкү санында Азимбек Бекназаров менен маекти жарыялады. А. Акаевдин үй-бүлөсү, жакындары ээлик кылган мүлктү кайра бөлүштүрүү аракети жүрүүдө. «Акаевдин жанындагыларга тийиштүү дүйнө-мүлктү Бакиевдин тегерегиндегилер бөлүштүрүүдө. Же болбосо ортомчу болушууда», дейт А. Бекназаров. Анын ырасташынча, К. Бакиевдин айланасындагы адамдар: үй-бүлөсү, инилери, президенттик шайлоодо ага каржылык колдоо көрсөткөндөр элдик ыңкылаптын башында тургандарды бийликке койгусу келбейт.

«Мага анын инилеринин, балдарынын бири мени ордума коюп же көзүмү тазалап коюшу ыктымал экендиги жөнүндө миш-миштер жете баштаган, мен өтөле өз алдымча, баш ийбес болуп кеткен имишмин. Муну мен май айында уккам. Аны мен ачык эле Бакиевге айтсам, бул ушак деп койгон», - дейт А. Бекназаров.

А. Бекназаровду кызматтан алууга анын жооптуу кызматка кесиптик камылгасынын жетишсиздиги себеп болгонун К. Бакиев бейөкмөт уюм өкүлдөрү менен жолугушуу учурунда айтып бергенин «Жарандык коом жана демократия үчүн» коалициясынын төрагасы Эдил Байсалов ушул эле гезиттеги маегинде маалымдаган. К.Бакиевдин айтымында, «Башкы прокурор кызматы абыдан татаал жумуш, аны аркалашка Азимбек Анаркуловичтин кесиптик камылгасы жетишпей калды». А. Бекназаровдун кызматтан алынышынын себеп-жөнү тууралуу материалдар жума күнкү “Жаңы кылым” гезитинде да чыкты.

Жаңы өкмөттүн алгачкы жыйынында премьер-министр мындан ары той-топурду азайтып, аш-тойлорго артынып барууну токтотууну талап кылды, деп жазат жума күнкү «Агым» гезитинде Жолдошбек Зарлыкбеков. «Азыркы министрлер дурус иштебесе, тандемге, андан ары президенттин ишине нааразычылык арбый баштайт», деп жазат макала автору. Жаңы өкмөт жыйынынан репортаждар жума күнкү «Кыргыз туусу», «Эркинтоо», «МСН» гезиттеринде да жарыяланды.

«Конституцияны өзгөртүү зарыл, бирок өзгөрткөнгө шашпаш керек. Бийликти бөлүштүрүп, сага мынча, мага мынча деген принциптен качыш керек», - дейт Кыргызстандын юстиция министри Марат Кайыпов. Министрдин «Бүгүн Кыргызстандагы сот бийлиги эки баштуу» деген аталыштагы маеги «Агымдын» жума күнкү санында жарыяланган.

«Тарых тастыктагандай, революция да коомдук өнүгүүнүн тепкичтеринин бири болуп саналат, - деп жазат Өмүрбек Абдырахманов «Күнөө Батмадабы, Батыштабы?» деген макаласында. – Европа эли бул тепкичти 200-300 жыл мурда басып өтүшкөн. Андан бери Европада революция жок. Орус элинин революциядан кутулганына 100 жылга жакындап калды. Азыр революция деген өнүкпөй калган Африка өлкөлөрүндө гана байма-бай болуп келет. Бийликти аскердин күчү менен же 10-15 миң бакырчактардын жардамы менен басып алуу бул варвардыктын белгиси».

Кыргызстанда саясий кризистин белгилери пайда боло баштаганы Ишенбай Абдуразаковдун жума күнкү «Аалам» гезитиндеги маегинде козголгон. Басылмада Аида Надырбекованын «Аккемени кимдер курушкан?» аттуу макаласына да орун берилген. Кыйладан бери кыргыз-түрк ишкерлеринин ортосундагы талаштан башы чыкпаган мейманкананын тагдыры чечиле элек.

«Аккеме» мейманканасынын айланасындагы талашка жума күнкү «Жаңы кылым» да гезити кайрылды. Мындан тышкары «Вечерний Бишкек» гезитинин тегерегиндеги чатактын чоо-жайын козгогон макалага да ушул эле гезитте орун берилген. «Вечерний Бишкек» гезитинин эмгек жамаатынын кайрылуусу жума күнкү «Бишкек таймс» гезитинде жарыяланды. Өтүмдүү басылманы экс-президент А. Акаевдин күйөө баласы кантип тартып алганы, беш жылдан кийин калыбына келген ээлик укугу тууралуу апта соңунда чыккан гезиттердин баарында жазылды.
XS
SM
MD
LG