Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:19

Жалалбад облусундагы «Тынчтыкты куруу» аттуу коомдук бирикме чатактардын алдын алуу чараларын көрүүдө


ЖАЛАЛАБАТ. Коомдук бирикме Ноокен районундагы кыргыз-өзбек чегарасында болуучу жаңжалдарды тынчтык жолу менен чечүү маселесин талкуулады. Жыйынга чегарага жакын Сакалды, Момбеков, Бүргөндү, Достук айылдарынын тургундары, чегара жана ички иштер кызматкерлери менен мектеп окуучулары катышты. Мындай маалымат 6-октябрда Швейцариянын кызматташтык жана өнүктүрүү агенттигинин “Кыргыз-өзбек жамааттарында тынчтыкты калыптандыруу” аттуу долбоорду жүзөгө ашырып жаткан бирикмеден алынды. Ага ылайык, чегара кыштактарында мал уурулук күчтүү, өзбекстандык жарандар райондун аймагына өтүшүп, пахта терим баасын кымбаттатышып ийген. Кыргыз жарандары алардын келүүсүнө каршылык билдиришип, өз өлкөсүнө кайтарган учурлар болгон. Көпчүлүк жарандар дагы эле чегарадан өтүү тартибин билбей, бажы жана чегара кызматтары менен кыжылдашкан учурлар аз эмес. Паспорту жоктугунан айрым адамдар чегара бекетинде убактылуу кармалган. Уурулукту азайтуучу милиция менен бирге иштеген ыктыярдуу кошундардын жана чегара комитеттердин иши жылышпай калбайт. Жыйында мектеп окуучуларынан турган жаш чегарачылар уюмдары түзүлдү.

XS
SM
MD
LG