Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:01

Президент Бакиев саламаттык сактоо тармагын сынга алды


БИШКЕК. 2006-жылы саламаттык сактоо тармагын реформалоонун экинчи этабы башталат. Буга арналган тегерек үстөл талкуусу Бишкекте 6-октябрда өтүп, ага президент Курманбек Бакиев баштаган өкмөт мүчөлөрү, медицина тармагынын жетекчилери жана эл аралык донор уюмдардын өкүлдөрү катышты. Тегерек үстөлдө белгилүү болгон маалыматтарга караганда, саламаттык сактоо тармагын реформалоонун экинчи этабын ишке ашыра турган «Манас таалими» улуттук программасы 2006-2010-жылдарды камтыйт. СПИДдин ВИЧ инфекциясына, кургак учукка каршы күрөшүү, эне-баланын ден соолугун коргоо программанын артыкчылыктуу багыты болот. Бул долбоордун чегинде грант түрүндө Дүйнөлүк банк 10-15 миллион доллар, Германия өнүгүү Банкы 16,5 миллион евро бөлөрү күтүлүүдө. Тегерек үстөлдө сүйлөгөн сөзүндө президент Курманбек Бакиев саламаттык сактоо тармагындагы жагдайга канагаттанбагандыгын билдирди. 1996-жылы башталган саламаттыкты сактоону реформалоонун биринчи этабы 2005-жылы аяктайт.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG