Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:08

«Вечерний Бишкекке» байланыштуу сот саясий чечим чыгардыбы?


БИШКЕК. 30-сентябрда «Вечерний Бишкек» гезитинин имаратын күч менен басып алышты, деп билдирди өзүн «Вечерний Бишкек» жабык акционердик коомунун директору деп тааныштырган Олег Оснаков. Анын айтымында, мындай жагдай саясий кызыкчылыктарга байланыштуу болуп жатат, анткени, гезиттин саясий багытын өзгөртүүнү талап кылуулар болгон. Бирок, Оснаков талап кылып, коркутуп-үркүткөндөр кимдер экендигин айтууну каалаган жок. Ал ошондой эле «Вечерний Бишкекке» байланыштуу кабыл алынган сот чечимине каршы арыз менен эл аралык сотко чейин кайрыларын билдирди.

Мындай маалымат жыйын уюштурууга 30-майдагы окуя негиз берди. Бул күнү Свердлов райондук сотунун «Вечерний Бишкек» басма үйүнө таандык акциялардын негизги бөлүгүн жоопкерчилиги чектелген «Централ плюс» ишканасынан «Рубикон» рекламалык фирмасына өткөрүп берүү жана имаратты бошотуу тууралуу чечими күчүнө кирген. Бул күнү имараттагы мүлк ташылып, гезит жамаатынын басымдуу бөлүгү ордунда калган. Оснаковдун айтымында, мурдагы гезиттин ордуна эки-үч жума аралыгында жаңы гезит пайда болот.

XS
SM
MD
LG