Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:06

«Кыргызстан» коомдук-саясий кыймылы жыйын курду


БИШКЕК. 6-октябрда Бишкекте «Кыргызстан» коомдук-саясий кыймылынын координациялык кеңешинин жыйыны болуп, анда өлкөдөгү кырдаал талкууланды. Жыйынга кеңештин айрым мүчөлөрү катышкан жок. Ошондуктан 8-октябрда кайрадан толук курамда чогулуу белгиленди. Координациялык кеңештин мүчөлөрү оппозициялык күчтөр Аскар Акаевди бийликтен түшүрүү менен биринчи максатын орундатты, бирок өлкөнү реформалоо боюнча экинчи максат аткарылбай турат, ошондуктан Конституциялык реформаны тездетүү жана экономиканы көтөрүү негизги маселе, деп белгиленди. Координациялык кеңештин жыйынына мурунку башкы прокурор Азимбек Бекназаров, мурунку депутатар Орозбек Дүйшеев, Николай Байло, экс министрлер Ишенбай Кадырбеков, Роза Отунбаева жана башкалар катышты.

XS
SM
MD
LG