Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:13

Айрым бейөкмөт уюмдар президенттин түштүктөгү толук ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн жойулушуна каршы


БИШКЕК. 7-октябрда Ош шаарындагы бир катар бейөкмөт уюмдар президентке кайрылуу жолдоду. Анын ээлери президенттин түштүк аймактагы атайын өкүлчүлүгүн жойууга каршы экендиктерин билдирип, өкүлчүлүктүн мындан ары да иштешин өтүнүшкөн. Бул тууралуу «Азаттыкка» ушул эле күнү «Жалын жүрөк айымдар» бейөкмөт уюмунун төрайымы Ажар Калматова билдирди. Ал белгилегендей, азыркы саясий кырдаалда президенттин өкүлчүлүгүн жойуу кажетсиз:

- Азыркы кырдаалда көпчүлүк аким, губернаторлор мурдагыдай эле, элдин айткан көйгөй-мүдөөлөрүн укпай, көрбөй эле отурат. Алардын көпчүлүгү президенттин элдин турмушун жакшыртуу, талаптарына көңүл буруу боюнча айткандарын да түз кабыл албай коюшу мүмкүн. Ошондуктан, өкүлчүлүктун азырынча иштеп туршу өтө зарыл. Болбосо, кайрадан дагы кандайдыр бир чатак-жаңжалдын чыгып кетиши да ажеп эмес.

Март ыңкылабынан кийин президенттин жардыгы менен өлкө башчынын түштүктөгү атайын өкүлчүлүгү ачылып, анын алдына туштүк региондогу коомдук-саясий кырдаалды турукташтыруу максаты коюлган. Президенттин толук ыйгарым укуктуу өкүлү болуп Алманбет Матубаримов дайындалган. Маалыматтар боюнча, 6-октябрда президенттин түштүктөгү өкүлчүлүгү өз ишин токтотту. Ал эми өкүлчүлүктүн жойулушу боюнча азырынча президенттин жардыгы чыга элек.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG