Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:27

Оштогу баатыр энелер Роза Отунбаеванын укугун коргоого чыгышат.


БИШКЕК. Оштогу баатыр энелер тобу март ыңклабынын башында турган саясатчылардын бири Роза Отунбаеванын укуктарын коргоого чыгышаарын билдиришти. Алардын өкүлү 7-октябрда «Азаттыкка» билдиргендей, Ош облусунун баатыр энелери президенттен Роза Отунбаеваны өлкөнүн жооптуу кызматтарынын бирине койуу талабын койушууда. Баатыр энелердин пикиринде, Роза Отунбаеванын ыңкылаптагы орду жогору. Бул жөнүндө баатыр эне Тургунбү Тороева мындай деди:

- Биз Роза Отунбаеванын укуктарын коргоп чыгабыз! Ал ыңкылаптын башында турган,элим-жерим деген инсандарыбыздын бири. Эмне үчүн ал жооптуу кызматтарда иштебеши керек? Роза Отунбаевадай адамдарга гана биз ишенебиз!-

27-сентябрда парламентте президент тарабынан Роза Отунбаеванын тышкы иштер министрлигине көрсөтүлгөн талапкерлиги депутаттардын жетиштүү колдоосуна ээ болбой калган.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG