Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:40

Кыргыз-өзбек мамилеси Санкт-Петербургда талкууланды


БИШКЕК. Бейшембиде Санкт-Петербургда Борбор Азия кызматташтык уюумуна мүчө мамлекеттердин башчыларынын саммитининде аталган уюм Евразия экономикалык кызматташтык уюумуна бириккенин Борбор Азия кызматташтык уюумунун төрагасы Тажикстандын президенти Эмомали Рахмонов маалымат жыйынында маалымдаган. Борбор Азия кызматташтык уюуму өткөн жылы октябрда түзүлүп, анын курамына Казакстан, Кыргызстан, Орусия, Өзбекстан жана Тажикстан кирген.

6-октябрдагы саммиттин учурунда өлкө башчысы Курманбек Бакиев Өзбекстандын президенти Ислам Каримов менен жолугушту. Жолугушууда эки тараптуу кызматташтык, аймактагы саясий кырдаал талкууланган. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан 7-октябрда маалымдашты. Маалыматка караганда эки мамлекеттин башчылары 1996-жылдын 24-декабрындагы Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы түбөлүк достук жөнүндөгү келишимдин алкагында достук, жакшы кошуналык жана өз ара мамилелерди арттырууну өнүктүрүү маселесине басым жасашкан. Кыргыз-өзбек чек ара аймактарында биргелешип туруктуу абалды камсыз кылуу белгиленген.

XS
SM
MD
LG