Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:16

АКШ, КЫТАЙ ЖАНА ОРУСИЯ БОРБОР АЗИЯДАГЫ ТААСИР ҮЧҮН МЕЛДЕШҮҮДӨ


Нарын АЙЫП, Прага Эл аралык экперттердин пикиринде, акыркы мезгилде АКШ, Кытай жана Орусия ортосунда Борбор Азия мамлекеттерине таасир кылуу багытында мелдеш жүрүп жатат. Жана бул мелдеште улам бир тарап ийгиликке жетүүдө.

1991-жылы СССР чачырап, Борбор Азияда беш эгемендүү мамлекет пайда болгондо, бул жумурияттарга АКШнын таасири өтө күчтүү боло баштаган жана алар Вашингтондун колдоосу менен негизги эл аралык уюмдарга мүчө болуп кирип, НАТО программаларына да катышууга киришкен.

Анткен менен 1999-жылы Кремилдеги бийликке Владимир Путин келгенден кийин, абал бир кыйла өзгөрдү жана жаңы президент Орусия Федерациясындагы автономиялуу жумурияттардын баарын Маскөөнүн бийлигине каяшасыз баш ийдирүү менен кошо мурдагы советтик жумурияттарды дагы орус саясатына ыктай баштады.

Бул багытта акыркы жылдарда Маскөө менен Бээжин өз аракеттерин бириктиргени байкалууда, анткени Кытай дагы Американын Борбор Азиядагы таасиринин өсүп баратканынан өтө тынчсызданат. Мисал үчүн, АВАКС деп аталган америкалык чалгындоо учактарын Кыргызстан аймагында жайгаштыру мүмкүнчүлүгү эң биринчи кезекте Бээжиндин кызыкчылыктарына каршы болчу, бирок ал тууралуу жарыяланган маалыматтар орус бийлигине да жаккан эмес.

Ошондуктан 1996-жылы түзүлгөн Шанхай уюмун акыркы жылдарда Маскөө менен Бээжин АКШга каршы биргелешип колдонууга киришти. Ал тууралуу Бишкектеги Регионалдык маселелерди изилдөө институтунун жетекчиси Анара Табышалиева да айтат:

- АКШнын Борбор Азиядагы таасирин Маскөө менен Бээжин биригип тең салмакка келтирүүгө аракеттенип жатат жана Американын аскерий таасирин азайтуу үчүн Шанхай кызматташуу уюму колдонулууда.

Уюмдун быйыл июлда Астана шаарында өткөн бийик жолугушуусунда АКШнын Борбор Азиядагы аскерий базаларынын калышына каршы чечим чыгарылды жана Иран менен Индия уюмга байкоочу катары кабыл алынган учурда АКШнын андай талабы четке кагылды.

Эки тараптын кызыкчылыктары канчалык карама-каршы экени Анжиян окуяларына болгон мамиледен ачык көрүндү. Башка эл аралык уюмдар менен кошо Вашингтон ал окуялардын тыкан иликтенип чыгышын талап кылса, Маскөө менен Бээжин өзбек бийлигинин турумун башынан тартып колдоду.

Натыйжада акыркы жылдарда орус саясатынан обочолонуп бараткан Ташкен өз турумун кескин өзгөртүп, АКШдан - Карши шаарынын алдындагы Ханабад аскерий базасын чыгарып кетүүнү талап кылды. Американын Конгрессинде болсо Анжиян кыргыны үчүн өзбек президентин соттоо керек деген талаптар айтылууда.

Мындай жагдайда өз бийлигин жоготуудан корккон көпчүлүк борбор азиялык жетекчилер акыркы айларда Маскөө саясатынын айланасында топтоло баштады. Ал тууралуу Лондон шаарында жайгашкан "Жейнс" изилдөө тобунун эксперти Алекс Ватанка буларды айтат:

- Анжиян окуяларынан кийин Өзбекстанда Орусия менен Кытайдын таасири күчөдү. Бирок Кыргызстанда жаңыдан бийликке келген Курманбек Бакиевдин өкмөтү дагы Орусияны өзүнүн стратегиялык өнөктөшү деп эсептегени жөнүндө ачык айта баштады. АКШнын Тажикстанга болгон таасири дагы эле күчтүү, бирок бүткүл региондо болуп жаткан өзгөрүүгө орчундуу таасир кылууга ал жетишсиз.

2001-жылдагы окуялардан кийин АКШ Кыргызстанда аскерий база ачууга аргасыз болгон, бирок андан эки жыл өтпөй Маскөө дагы Бишкек алдында база ачты, акыркы айларда болсо Кыргызстанда кытайлык жана экинчи орусиялык база ачылат деген да имиштер пайда боло баштады.
XS
SM
MD
LG