Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:21

КУШ ТУМООСУ 150 МИЛЛИОН КИШИНИН ӨМҮРҮН АЛЫШЫ МҮМКҮН


Баян Жумакадыр кызы, Прага 30-сентябрда Улуттар уюмунун координатору Дэвид Набарро канаттуулар сасык тумоосу түрүн өзгөртүп, пандемияга айланышы мүмкүн экенин эскертти. Набарронун айтымында, коркунучтуу вирус адамдан адамга жугуучу формага өтө турган болсо 150 миллион кишинин өмүрүн алып кетиши мүмкүн. Азия өлкөлөрүндө канаттуулар арасында жайылган бул дарттан 70тей адам каза болду. Ал эми президент Жорж Буш 4-октябрда Конгрессте сүйлөгөн сөзүндө эгерде коркунучтуу оору жайыла турган болсо карантин киргизүү үчүн аскерлердин жардамы керек болушу мүмкүн, деп айтты. Анын аралыгында, америкалык окумуштуулар 1918-жылы тутанып, 50 миллион адамдын өмүрүн алып кеткен сасык тумоонун вирусу канаттуулар сасык тумоосунун уңгусунан чыкканын аныкташты.

30-сентябрда жасаган билдирүүсүндө Улуттар уюмунун канаттуулар сасык тумоосуна каршы күрөшүү боюнча координатору Дэвид Набарро Нью-Йоркто өткөргөн пресс-конференцияда азыр сасык тумоонун тутанаар-тутанбасы жөнүндө эмес, оорунун качан тутанаары жөнүндө камтама болууга убакыт келип жеткенин эскертип, буларды айтты:

- Пандемияга азыр Азия өлкөлөрүндө тутанган канаттуулар сасык тумоосунун H5N1деген вирусу себеп болушу мүмкүн. Бул вирустан чыккан эпидемиядан миллиондогон баш үй канаттуулары кырылып, үлкөн экономикалык зыян келтирилди.

Набарронун айткандары үрөй учургандыктан, Дүйнөлүк Саламаттыкты Сактоо уюму ага мындайча жоошуткан комментарий берип, пандемиянын кандай болбосун түрүн кеминде 2-7 миллион кишинин өмүрүн алып кете турганын билдирүүгө шашты:

- Пандемия адамдардын арасында тутана турган болсо, канча кишинин ажалына калаары белгисиз. Доктор Набарро эксперттин пикирин айтты. Мунун баары божомолдор гана. Эмки пандемиядан канча киши каза болорун пандемия башталмайынча эч кимибиз биле албайбыз.

Галландиянын Роттердам шаарындагы Вирусология Институнун кызматкери доктор Алберт Остерхаус мындай божомолдорго кошулуп, азыр Азия өлкөлөрүндө жайылып бараткан канаттуулар сасык тумоосу чоң пандемиянын прелюдиясы болушу толук ыктымал экенин билдирет. Азырынча Азия өлкөлөрүндө тутанган оору 2003-жылдын соңунан бери 70ке жакын кишинин өмүрүн алып кетти.

Бирок каза болгон кишилердин баары сасык тумоодон ылаңдаган үй канаттуулары менен алпурушкан адамдар болгондугу божомолдонот. Пандемия тутануучу болсо андан бир да регион соо калбайт, бирок Улуттар уюмунун координатору доктор Набарро келгин куштардын жер которуусунан айрым региондор айрыкча чоң коркунучка дуушар болуп турганын айтты. Набарронун көз карашында, жапайы канаттуулардын Азиядан башка жерлерге жер которуусунан айрыкча Жакынкы Чыгыш райондору чоң коркунучка дуушар болушу мүмкүн. Бул региондо көптөгөн үй бүлөлөр үй канаттууларын кармашат.

Канаттуулар сасык тумоосунун ыктымал тутана турган пандемиясы дүйнө өлкөлөрүн көбүрөөк санаарката баштагандыгы байкалууда. Октябрь айынын соңунда Австралиянын Канберра шаарында Азия жана Тынч Океан чөлкөмүнүн бул маселеге арналган регионалдык жыйыны өткөрүлгөнү жатат. Ал эми Американын президенти 4-октябрда Конргессте сүйлөгөн сөзүндө ооруга каршы карантин киргизүү үчүн АКШ керек болсо аскер күчтөрүн пайдаланууга даяр экенин билдирди.

XS
SM
MD
LG