Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 15:04

Ошто ВИЧ СПИД тууралуу мыйзамдын аткарылышы талкууланды


ОШ. Жогорку Кеңештин социалдык саясат боюнча комитетинин демилгеси менен уюштурулган бул жыйында ВИЧ-СПИДдин таралышын алдын алуу, аны жугузуп алган адамдардын укуктарын коргоо жана бул багыттагы улуттук коопсуздукту укуктук жөнгө салуу маселелери каралды. Депутат Асамидин Марипов илдеттин таркалышынын социалдык факторлору катары жакырчылыкты, ички, тышкы миграция агымынын күч алышы жана нарко трафиктин таасирин белгилеп өттү. Өкмөттүн аппаратынан келген өкүл Айнагүл Исакова бул илдетке каршы күрөшүү боюнча мыйзамдын аткарылышын камсыз кылуудагы финансылык жана укуктук мүчүлүштүктөргө токтолду. Андан соң жарыш сөзгө чыгып сүйлөгөндөрдүн көпчүлүгү мыйзамдык база бар болгону менен аны аткаруу үчүн кыйынчылыктар болуп жаткандыгын айтуу менен учурда вич-СПИД илдетинин таркалышы боюнча кырдаал өзгөчө Ош шаарында курчуп жаткандыгын белгилешти. Аталган мыйзамдын аткарылышын тактоо жаатындагы маселелер жыйынга катышкан дарыгерлер, укук коргоочулар жана мамлекеттик кызматкерлер тарабынан кызуу талкууга алынды.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG