Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:12

Парламентти таратуу үчүн кол топтоого тоскоолдуктар көрсөтүлүүдө


БИШКЕК. «Эркиндик» партиясы тарабынан Жогорку Кеңешти таратуу боюнча кайрадан кол топтоо улантылууда. Бирок жер-жерлерде парламенттин депутаттарынын бир бөлүгү шайлоочуларынын арасында кол топтоого каршы үгут иштерин жүргүзүүдө. Кол топтоо иштерине ошондой эле жергиликтүү бийлик органдары да тоскоол болууда. Бул тууралуу 8-октябрда «Азаттыка» «Эркиндик» партиясынын төрагасы Топчубек Тургуналиев билдирди. Буга чейин парламентти таратуу боюнча партия топтогон 200 миңге жакын атуулдун колу Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан жараксыз деп табылган. Мындай бүтүм кол топтоодо БШК тарабынан макулдук берилген атайын баракчалар колдонулбагандыгына байланыштуу чыгарылган.

XS
SM
MD
LG