Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:09

Нью-Йорктун полициясы күчөтүлгөн күжүрмөн даярдыкта кала берүүдө


Нью-Йорк шаарынын полициясы метродо терракт жасалуу коркунучуна байланыштуу али деле күчөтүлгөн күжүрмөн даярдыкта турат. Шаардын мэри Майкл Блумбэрг келип түшкөн маалыматтарды соңку жылдардагылардын эң ишенимдүүсү, деп атады. Мэрдин айтымында, коопсуздукту сактоону күчөтүү боюнча кабыл алынган чечимдерди жокко чыгаруу Ирактагы окуялардын өнүгүшүнө жараша болот:

- Океандын ары жагында такай операция өткөрүлүүдө. Биз анын жыйынтыгын карап, чечим кабыл алабыз. Качан катаал чаралар жокко чыгарыла баштаганда, муну өтө акырындык менен ойлонуп жасайбыз.

Иракта жакында америкалык аскерлер Нью-Йоркто терракт жасоону даярдоого катышы бар деп шектелген үч адамды камакка алган болчу.

XS
SM
MD
LG