Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:19

Түштүк Азиядагы жер титирөөнүн курмандыктарынын саны өсүүдө


Пакистан бийликтери бир эле Түндүк-Батыш чек ара провинциясында 550 адам мерт болуп, 1700дөйү жаракат алганын ырасташты. Армиянын өкүлү, генерал Шаукат Султандын айтымында, калк арасындагы чыгымдын саны Пакистандын өзүндө эле 1000ден ашып кетиши мүмкүн. Өлкөнүн түндүгүндө жер бетинен сүрүлүп калган кыштактар бар. Күчү Рихтер таякчасы менен 7,6 баллды түзгөн жер титирөөнүн очогу Пакистан башкалаасы Исламабаддан 100 чакырымдай түндүк-чыгышта орун алган. Бул - Пакистан Индия ортосунда талашка түшүп келе жаткан Кашмир чөлкөмүнүн аймагы. Индиянын Жаму жана Кашмир штатында ишемби күнкү зилзаладан 200дөн ашун адам мерт болгону кабарланды. Ал эми Ооганстанда эки адам каза тапкан. Жер силкинүүсү Тажикстандын аймагында, өзгөчө Тоолуу-Бадахшан автоном облусунда да сезилип, жергиликтүү сейсмологдордун айтымында күчү 5,5 баллды түзгөн.

XS
SM
MD
LG