Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:45

ӨКМӨТТҮК МААЛЫМДОО КАРАЖАТТАРЫ ӨЗ АЛДЫНЧАЛЫККА ДАЯРБЫ?


24-марттагы бийлик алмашуусунан кийин Кыргызстандагы маалымдоо каражаттарында кандай өзгөрүүлөр болду? Өкмөттүк маалымдоо каражаттары өз алдынчалыкка жетише алабы? Мына ушул жана башка маселелер АКШнын IREX башкармалыгынын Кыргызстандагы өкүлчүлүгү апта соңунда уюштурган маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүнүн жыйынында талкууланды.

Өкмөттүк маалымдоо каражаттарын өз алдынчалыкка өткөрүү сунушу мурдагы бийлик тушунда деле бир нече ирет көтөрүлгөн. Бирок да ал аткаруу бийлиги тарабынан колдоо таппай келген. Ошол себептүү 24-марттагы ыңкылаптан аз өтпөй биртоп маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү чогулуп, баштагы демилгени ишке ашыруу аракетинде Акүйгө кайрылуу жолдошкон. Өкмөт макулдугу алынган соң анын карамагындагы гезиттерди өз алдынчалыкка өткөрүү, улуттук телерадиокорпорацияны коомдук телерадиого айлантуунун жол-жобосун иштеп чыкчу жумушчу топ түзүлгөн.

«Журналисттер» коомдук бирикмесинин жетекчиси Кубан Мамбеталиевдин ырасташынча, жумушчу топ өз сунушун өкмөткө жөнөттү:

- Гезиттер боюнча, мамлекеттик уюмду уюштуруучу тобунан чыгарыш керек. Ошондо гезиттер акционердик болуп калышат. Мамлекеттик тизгинден бошоп калышат. Биз бир эле гезитти мамлекеттик гезит катары калышын сунуш кылып жатабыз. Телекомпания боюнча, президент парламентке 30 кишини сунуш кылат. Ага чиновниктер менен депутаттар киришпейт. Ал жерге коомдук ишмерлер, белгилүү инсандар кирет. Анан ошол 30 кишиден турган тизмени парламент шайлоосуна киргизип, андан адыңкы 15 орунга чыккан кишилер көзөмөлдөө кеңешине мүчө болушат. Ошолор өздөрүнүн жетекчисин шайлап, телекомпаниянын генералдык директорун шайлап, орунбасарларын шайлап алышат. Баарысы коллегиялуу чечилет.

Жаңыланган бийлик ээлери көптөн бери көтөрүлүп келаткан сунушту колдой тургандыгын такай айтып келатышат. Бирок да бул өзгөрүү Кыргызстандын маалымдоо каражаттары башынан кечирип келаткан каржылык, техникалык жана башка проблемаларды чечип ийе албайт. Тескерисинче, алар кыйла күчөшү мүмкүн экендигин журналисттер эмитен эле айтышууда. «Чуйские известия» гезитинин башкы редактору Антонина Блиндинанын айтымында, мунун зыяндан башка пайдасы жок.

- Менин оюмча, чоң зыян алып келиши мүмкүн. Анткени мамлекеттин карамагындагы гезиттердин көпчүлүгү райондордо. Райондук гезиттер өз алдынча жашап кете алышпайт. Аларга мамлекеттик колдоо көрсөтүлбөсө жок болуп кетишет.

Экономикалык оорчулуктун бел майыштырган жүгүн ушу тапта райондук гезиттер тартышууда, дейт Баткен облусундагы «Салам» радиосунун жетекчиси Максуда Айтиева. Анын ырасташынча, гезиттерге салыштырмалуу радионун абалы дурус.

- Кесиптешетерим менен сүйлөшүп жүргөнүм үчүн билем, гезит дайым эле өз убагында чыкпайт. Бир номурдан экинчи номурга чыгарылышы 3-4 күнгө, бир аптага, кээде 1 айга созулуп кетет. Мисалы, эки эле журналист бир гезитти жасашат.

«Интерфакс» агенттигинин кабарчысы Игорь Шестаков кыргыз маалымдоо каражаттары «төртүнчү бийлик» экенин ырастай алышты, дейт. Бирок да бийлик тарабынан ага жакшы колдоо болбой жатат.
- Aны калган бийлик таанып жатабы, бул башка иш. Чынында эле массалык маалымдоо каражаттары коомдо чоң роль ойнойт. Бирок да анын материалдык-техникалык жагы аябай артта калууда.

Жалалабад облустук телерадиокорпорациясы 21-март күнү эл тарабына өтүп, калк козголушун жашырып-жаппай көрсөтүп келатат. Удаама-удаа келген шайлоонун аркасы менен облустук телерадио азыноолок акча таап, эки видеокамера сатып алууга жетишкен. Облустук телерадионун башкы редактору Жолдошбек Осмоновдун ырасташынча, аймактагы маалымдоо каражаттарынын абалын мыкты деп айтыш кыйын:

- Чынында эле элге жеткирүү, таратуу маселесинде көйгөй көп. «Кыргыз почтасы» иштебей калды. Азыр ушу тапта өзбекче чыккан «Жалалабад тонги» гезити ушундай ыкмага өттү, кабарчылар жазылгандарга гезитти өздөрү бир-эки күн ичинде кечиктирбей жеткирип беришет.

«Кыргыз туусу» гезитинин башкы редактору Бакыт Орунбеков Кыргызстан демократиялык жол менен баргысы келсе ага ылайык иш жасаш керек деген пикирде:

- Кыргызстан демократиялык жол менен барам десе демократиялык жолдорду, принциптерди тандаш керек го дейм.

Азыр А. Акаев тушундагыдай жооптуу кызмат адамдарынын ишкердик беделин коргоп миллиондогон айыппул өндүрүп берүү талабы менен сотко чуркоосу 24-марттан бери тыйылып калды. Анткен менен мындай «бейпилдик» дагы канчага созулаарын эч ким так айта албайт. Себеп дегенде, мурдагы мыйзамдар дагыле күчүндө.
XS
SM
MD
LG