Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:46

Польшада президенттик шайлоо өтүп жатат


12 талапкердин арасынан, акыркы сурамжылоолор көргөзгөндөй, ишкер Доналд Туск жана консерватор Лех Кашинскидин мүмкүнчүлүктөрү жогору. Бирок экөө тең керектүү сандагы добуш ала алышпайт, деп күтүлүүдө. Андыктан польшалыктар 23-октябрда дагы бир жолу добушканаларга барышмакчы. Тусктун жана Кашинскидин партиялары эки жума мурун парламенттик шайлоодо бийликтеги партияны жеңип алышкан эле. Саясий күчтөр азыр коалиция түзүү боюнча талкууларды өткөрүп жатышат. Азыркы президент Александр Квасниевскидин экинчи мөөнөтү соңуна чыгып жатат. Польшанын Конституциясы анын 3 мөөнөткө шайлануусуна жол бербейт.

Соңку эл аралык кабарларды Прагадан Айнура Жекше кызы даярдады

XS
SM
MD
LG