Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:21

Конституциялык кеңешменин отуруму башталат


БИШКЕК. Президент Курманбек Бакиев жетектеген Конституциялык кеңешменин 277 кишиден турган жаңы курамынын отуруму 13-октябрда өкмөт үйүндө башталат. Мамлекет башчы бул жардыкка 6-октябрда кол койгон. Ал эми «Конституцияга өзгөртүү, толуктоо киргизүү тууралуу» мыйзам долбоору 25-декабрга чейин даяр болушу керек. Март ыңкылабынан кийин 114 кишиден турган Конституциялык кеңешме түзүлүп, ал Жогорку Кеңештин төрагасы Өмүрбек Текебаевдин жетегинде иштеп келген. Президенттик шайлоодон кийин төрагалык президентке берилди жана муну парламент 1-сентябрда бекиткен.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG