Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:16

Кондолиза Райс Курманбек Бакиев менен жолугушат


БИШКЕК. АКШнын Мамлекеттик катчысы Кондолиза Райс 11-октябрда президент Курманбек Бакиев менен жолугушат. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан кабарлашты. 10-октябрда Кондолиза Райстын Борбор Азия мамлекеттерине сапары башталат. Бул сапар учурунда Мамлекеттик катчы кыргыз бийлиги менен сүйлөшө турган башкы маселелердин бири - Ганси аскердик базасынын кеңейтилиши болмокчу. Ошондой эле Райс айым Жогорку Кеңеште сөз сүйлөөрү күтүлүп жатат. Бул сапардын алкагында Кондолиза Райс Тажикстан, Ооганстан жана Казакстандын мамлекет башчылары менен жолугушат.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG