Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:55

АПТАНЫН МАДАНИЙ ОКУЯЛАРЫ


Узап бараткан аптада Орусиянын Кыргызстандагы элчилигинин жана “Гармония” маданий борборунун демилгеси менен Т.Сатылганов атындагы улуттук филармонияда “Орусияда жасалган” аттуу орус элинин ырчыларынын жана белгилүү чыгармачыл топторунун концерти өттү. Бейшемби күнү Ош шаарында республикалык куудулдар сынагынын жыйынтыгы чыгарылды. Арсен Өмүралиев атындагы Бишкек шаардык драма театры “Жашоо, дүйнө, көз ирмем” деген спектаклинин бет ачары менен кезектеги театралдык сезонун ачты.

Бейшембиде Ош шаарында “Куудулдар -2005” аттуу республикалык сынагынын жыйынтыгы чыгарылды. Байгеси 100 миң сомду түзгөн бул конкурста 8куудул ат салышышып алардын ичинен Илияс Агыбай уулу баш байгеге татыктуу болду. Сынакты уюштурган “Бешилик” продюссердик борборунун жетекчиси Рысбек Жадиев Ош, Баткен, Жалалабад облустарынын губернаторлору эмки жылы бул сынакты эл аралык деңгээлде өткөрүүгө көмөк көрсөтө тургандыгын айтты:

- Фестивалды Ош, Баткен, Жалалабад областарынын губернаторлору көрүп, эмки жылы ар бирибиз демөөрчү болуп, конкурсту эл аралык деңгээлде өткөрүп берели, деп убада кылышты.

***

Жума күнү “Алатоо” аянтындагы жер үйдө “АrtEst”коомдук бирикмесинин демилгеси менен “Баатырлардын көлөкөсүндө” деген аталыштагы көргөзмө ачылды. Ага Америка, Великобритания, Орусия, Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан жана Грузиядан 40тан ашуун сүрөтчүлөр келишти. Ишембиде мына ошол келген коноктордун катышуусунда тегерек үстөл уюштурулуп, Кыргызстанда маданиятты өнүктүрүү маселелери талкууланды. “АrtEst” коомдук бирикмесинин кызматкери Алтын Капалованын айтымында, бул маданий иш чараны өткөрүүнүн негизги максаты - өлкөбүздү маданият борборуна айландыруу:

- Кыргызстанды Борбор Азиядагы жана негизи эле Чыгыш өлкөлөрү үчүн маданият борборуна айлантуу максатында бул көргөзмөнү өткөрүп жатабыз.

***

Эрнист Абдыжапаровдун “Айыл өкмөтү” аттуу тасмасы Алматыда өткөн “Евразия” эл аралык кинофестивалына катышып келди. Эрнист мырзанын айтымында аталган кинофестиваль дүйнөлүк деңгээлде өткөн. Ал эми атайын байгени грузиндер менен бөлүшүп алышкан. Режисердун айтымында 2-ноябрда Швейцарияда “Айыл өкмөтү” кинотасмасынын бет ачары болмокчу.

***

3-октябрдан 5-октябрга чейин Москвада “Китеп каарманы-2005: жаңы кездешүүгө чейин” деген аталыштагы эл аралык көргөзмө өттү. Ага катышып келген жаш акын Мирлан Самыйкожо уулунун айтымында үч күнгө созулуп, 11өлкөнүн жаш акындары катышышкан бул көргөзмөдө ар бир элдин улуттук тамак-аштарынан тарта улуттук кийимдерине чейин илинген. Ал эми фестивалдан алган таасирлери тууралуу ал буларга токтолду:

- Ошол жердеги 11 өлкөнүн он бир маданиятын толук сиңирип албасак дагы, жүн тиштеген чымчыктай жакшы жагынан бир нерсе илип келүүгө аракет жасадык.

Мирлан Самыйкожо уулу ошондой эле өз сөзүндө Кыргызстандан барган делегация Москвадагы Лингвистикалык университетте да болуп, концерт беришкендигин кошумчалады.
XS
SM
MD
LG