Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:30

КЫРГЫЗ-ӨЗБЕК МАМИЛЕСИ ОҢОЛОБУ?


Өткөн бейшембиде Кыргызстандын президенти Курманбек Бакиев менен Өзбекстандын президенти Ислам Каримов Орусиянын Санкт-Петербург шаарында өткөн Борбор Азия кызматташтык уюмунун саммитинин алкагында жолугушуп, эки тараптуу мамилелерди, кызматташтыкты өнүктүрүү боюнча сүйлөшүү жүргүзүштү. Бул акыркы бир канча жылдардан бери эки өлкө жетекчилеринин мындай бийик денгээлдеги алгачкы сүйлөшүүсү болду. Мындай жолугушуудан улам соңку мезгилде бир топ солгундап кеткен кыргыз-өзбек мамилеси кайра жанданабы?

Кошуна эки өлкө - Кыргызстан менен Өзбекстандын жетекчилери 1996-жылы жолугушуп, түбөлүк достук тууралуу келишимге кол коюшканы белгилүү. Байкоочулардын баамында, бирок ошол кездеги кыргыз президенти Аскар Акаев менен өзбек президенти Ислам Каримов кол койгон бул келишим ишке ашпай кагаз жүзүндө гана калып, кошуналардын алакасы солгундагандан солгундап отурган.

Бирок ошого карабай эки өлкө жетекчилеринин акыркы жолугушуусу жылуу маанайда өткөнү кабарланууда. Кыргыз тараптын демилгеси менен уюшулган бул жолугушуунун жүрүшү тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы Нуржигит Кадыров буларга токтолду:

- Жолугушуу абдан жакшы маанайда өттү. Эки өлкө жетекчилери мындан ары экономикалык тармакта, анын ичинде газ, суу, энергетика тармактарында кызматташуу боюнча алгылыктуу пикирлерин ортого салышты.Региноалдык мамилелерди жандантуу, коопсуздук маселелери боюнча да пикир алышты. Жакын арада эки өлкөнүн өкмөт башчыларынын эки тараптуу иш сапарларын уюштуруу макулдашылды. 1996-жылы кабыл алынган “Түбөлүк достук” тууралуу келишиминин алкагында эки тарапка тен пайдалуу кызматташуулар боюнча келишимге келишти.

Бул жолугушуус коомчулукта да ар кыл пикирлерди пайда калды. Маселен, белгилүү публицист Абдыкерим Муратов Кыргызстан менен мамилени жөнгөрүугө Өзбекстан өзү кызыкдар экенин айтып, анын себептерин мындайча белгилейт:

- Өзбек бийлигине каршы күчтөрдүн Кыргызстанда жашырынып жүрүшү Ислам Каримовду Кыргызстан менен мамилесин оңдоого, өзбек күч органдарынын ошол жакта таасирин көрсөтүүгө түрткү берүүдө. Дүйнөлүк коомчулуктун Каримов менен байланышуудан баш тартып жатышы, эл аралык уюмдардын бул өлкөдөн чыгып кетип жатышы да Кыргызстан менен мамилени жакшыртууга аракет кылдырууда. Мындан сырткары Кийинки 20-30 жыл аралыгында Кытай дүйнөлүк рынокто чоң күч болгону турат. Мына ошол Кытай менен байланышуу албетте, Кыргызстан аркылуу ишке ашат. Ушундан улам да Өзбекстан Кыргызстан менен мамилени бузгусу келбей, жакындашууга аракет кылууда.

Ал эми Ташкендик укук коргоочу Толиб Якубов “Азаттыкка” берген маегинде акыркы убакта Кыргызстанга катаал мамиле жасап, а тугул Анжиян окуясы боюнча бир нече жолу айыптап жиберген өзбек бийлигинин бул кадамы бир чети таң калтырбай койбойт дейт:

- Өзбек бийлиги сонку айларда “Анжиян коогасын уюштургандар Кыргызстанда даярдалган, аны кыргыз бийлиги билип туруп, чара көрбөгөн” деген сыяктуу бир топ эле оор айыптарды такты. Бирок кыргыз бийлиги муну өтө эле жеңил кабылдады. Бул жерде экономикалык, ириде газ маселеси да кыргыз тарапты Өзбекстан менен мамилени жакшыртууга, дипломатиялык жол тапканга түртүп жаткандай. Кандай болгон күндө да эки президенттин мындай жумшак сүйлөшүүсү таң калтырбай койбойт.

Коомчулукта бул жолугушуу менен эле мамиле жакшырып кетпейт деген пикирлер да жок эмес. Маселен, Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты, “Элет” паритясынын лидерлеринин бири Ташболот Балтабаевдин пикиринде Өзбекстан ички-тышкы саясатын өзгөртмөйүн, ачыктыкка, демократияга багыт алмайын эки өлкөнүн мамилеси онолушу кыйын.

- Өзбекстан саясатын демократияга, ачыктыкка жеткирмейин кыргыз-өзбек мамилеси оңолушу кыйын. Азыркы жакындашуу жөн гана жагдайга байланыштуу. Анткени, Анжиян окуясынан улам Өзбекстан эл аралык изоляцияда калды. Ошондуктан “карышкыр ичигин кой терисине жамынган” абалга келип, биз кошуналар менен мамиле түзөбүз, карым-катышты күчөтөбүз дегендей мамиле жасап жатат. Качан гана Өзбекстанда система, багыт өзгөрсө ошондо гана эки өлкө ортосундагы табигый кызыкчылык, жакындашуу ишке ашат.Акыркы он жылдай убакыттан бери бул муктаждык жасалма түрдө тосулуп турат.

Сүрөт “President.kg” интернет барагынан алынды
  • 16x9 Image

    Шайырбек Эркин уулу

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, интернет редактор. Кыргыз Улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG