Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:19

УКУК БУЗУУЛАР АЗАЙГАН ЖОК, КӨБӨЙДҮ


Шайлоо укугу бузулганына нааразы болуп чыккан калк бийликти алмаштыргандан бери жарым жыл ашуун убакыт өттү. Элдик ыңкылаптан кийин бийлик тарабынан адам укугун бузуу учурлары азайдыбы? Айрым бейөкмөт уюмдардын маалыматына ишенсек, укук бузуулардын саны жарым жыл ичинде тескерисинче арбыды. Саясий, экономикалык укук бузуулар көнүмүшкө айланып баратат.

Соңку кездери «элдик ыңкылап, элдик революция» сыпаттамасы сейрек айтылып, 24-марттагы окуялар тек бийлик алмашуусу катары мүнөздөлө баштады. «Эл аралык сабырдуулук үчүн» бейөкмөт уюмунун жетекчиси Рая Кадырованын ырасташынча, Кыргызстанда элдик ыңкылап өттү, бирок ал кийин логикалык ыраатында өнүгүп кете алган жок. Буга кошумча, Кыргызстанда Грузиядагыдай жалпы калк жабыла колдогон лидер көрүнбөдү.

- Кыргыз ыңкылабынын уникалдуулугу бул болду, бизде атылып чыккан ачык лидер көрүнбөдү. Эсиңиздедир, баарыбызда Акаевдин ордун ким баса алат, жалпы калк кимди айныксыз колдойт деген күмөн турду. Эл болсо Акаевдин бийлигин кетириш үчүн баары бирге чыгышты. Революциянын жыйынтыгы каалагандай чыкпашынын себеби - президент аягына чейин туруп, ыңкылап идеясы үчүн күрөшкөн жок. Революция кайсы бир деңгээлде анын кызматка келишине шарт түзүп берди.

Элдик ыңкылаптын деми менен жер басып алуу, дүйнө-мүлктү тартып кетүү жараянынын күнү тууп, анын натыйжасы өлкөнүн экономикалык турмушуна терс таасир тийгизүүдө. Бирок бул өзү кош тараптуу көрүнүш дейт, «Кылым шамы бейөкмөт уюмунун жетекчиси Азиза Абдырасулова:

- Эки тараптын тең укугу бузулуп атат да бул жерде. Жерди басып алгандардын да укугу бузулган. Алардын турак-жай маселеси көп жылдан бери чечилбей келген. Эмне кылышын билбейт, өкмөттөн да жардам жок, үй сатып алууга мүмкүнчүлүгү жок. Мыйзам бузууга алар айласыз барып жатышат. Ал эми экинчи жактын – жерлерин бастырып ийгендердин укугу. Алардын да жерге болгон, жеке менчикке болгон укугу бар да. Алардын да укугу бузулуп жатат.

Укук бузуулардын мурдагы кезге салыштырмалуу жаңы бийлик тушунда арбып кетишин «Эл аралык сабырдуулук үчүн» бейөкмөт уюмунун жетекчиси Рая Кадырова да белгиледи.

- Турмуш көрсөткөндөй, ириде экономикалык укуктар кадам сайын кездешүүдө. Эмне үчүн жерди өз алдынча басып алуулар көбөйүп кетти? Себеп дегенде, биздин жарандардын көбү жумушсуз, мыйзамдык негизде киреше таба алышпайт. Аларга жаңы бийлик шарт түзүп бериши керек. Саясий укук жаатына келсек, бул жерде коопсуздук маселесин айта кетким келет. Биздин өлкөдө бир да адам өзүн бейгам сезе албайт.

Кыргызстан Акыйкатчысынын орунбасары Мамат Момуновдун ырасташынча, жарандардын көпчүлүгү жер маселеси боюнча бийлик өкүлдөрүнө көп кайрылышат:

- Азыркы мезгилдe арыздануучулардын саны көбөйүп жатат. Жер алып үй куруучулардын маселеси өтө оор болуп турат. Ошондуктан ал жактан коллективдүү жазылган арыздардын саны көбөйдү.

Адам укуктарынын бузулушу ириде өлкөдөгү мыйзамдардын сакталышына, бийликтин өз милдетин канчалык деңгээлде аткарышына байланыштуу маселе. Президент К. Бакиевдин тапшырмасы боюнча, ушу тапта аткаруу бийлигинин жетекчилери ай сайын бир ирет эл алдына чыгып отчет бериш жөрөлгөсү колго алынууда. Адам укугун коргоо жаатындагы бейөкмөт уюм өкүлдөрүнүн ырасташынча, мындай аракеттен чоң натыйжа чыгышы күмөн.

Бул арада «Демократия жана жарандык коом үчүн» бейөкмөт уюмдар коалициясы билдирүү таратты. Анда парламенттин Конституциялык мыйзамдуулукту сактоо комитетинин башчысы К. Конгантиевдин көчө жыйын, жөө жүрүш, нааразылыкты ачык билдирип чыгууга 1 жылга чейин тыюу салуу тууралуу сунушу адам укугун чектөө аракети катары баалана тургандыгы эскертилген.
XS
SM
MD
LG