Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:58

КЫРГЫЗСТАНДА ЖАШЫРЫНЫП ЖҮРГӨН ӨЗБЕК БОЗГУНДАРЫНЫН ТАГДЫРЫ ДАЛЕ БЕЛГИСИЗ


Кыргызстандагы өзбек качкындарынын абалы дагы деле чечилбеген бойдон калууда. Учурда Ош шаарындагы убактылуу кармоо жайында жаткан 4 бозгунга «качкын» макамын берүү тууралуу сот иши жакында дагы уланмакчы. Ал эми укук коргоо уюмдары Кыргызстанда жашырынып жүрүшкөн жүздөгөн качкындардын тагдырына тынчсызданууларын билдирип жатышат.

«Эл аралык мунапыс» уюму 10-октябрда Орусиядагы Өзбекстандын элчилигинин алдында пикет өткөрүштү. Пикеттин талабы: 13-майдагы Анжиян окуясына байланыштуу укук коргоочуларды, журналисттерди жана күбөлөрдү күнөөсүз куугунтуктоо жана кармоону токтотуу. «Эл аралык мунапыс» уюму тарабынан таркатылган маалыматка караганда, Анжиян окуясынан кийин бийликтин кысымынан жана куугунтугунан коркуп, Кыргызстанга өтө качкан адамдарды өзбек бийлиги куугунтуктоону дагы деле улантууда. Аларга кыргыз бийлиги жана тартип коргоо органдары жардам берип жаткандыгы тууралуу да маалымдалган.

Анжиян облусуна коңшулаш жайгашкан Ош жана Жалалабат облустарында качкындарга байланыштуу бир катар жыйындарды өткөрүп келген «Кылым шамы» бейөкмөт уюмунун жетекчиси Азиза Абдурасулованын айтымында, «качкын» макамына ээ болуп, үчүнчү бир өлкөлөргө чыгарылып кеткен 450 дөн ашуун өзбек жаранынан тышкары көптөгөн качкындар Кыргызстандык тартип коргоочулар тарабынан өз өлкөсүнө кайтарылган:

- Өзбекстанда бийликтин кысымынан корккон адамдар жанталашып качып келгени менен биздин айрым тартип коргоо органдары жана чек ара кызматкерлери тарабынан кайтарылып берилип турган. Арстанбапта, Базаркоргондо качып өтүп, Кыргызстандык тааныштарыныкында жашынып жүргөн өзбек жарандары мына ушундайча кайтарылган.

Ушуга окшош пикирди ушул тапта чет мамлекеттердин биринде жашырынып жүргөн Өзбекстандык журналист, Uznews.net электрондук баракчасынын редактору Кудрат Бабажанов билдирди. Анын сөзү боюнча, азыркы күндө Кыргызстанда жашырынып жүргөн айрым өзбек качкындары жергиликтүү бийликке же тартип коргоо органдарына кайрылбагандыгынын себеби да, алардын кайрадан Өзбекстанга кайтарылып берилүүсү болуп жатышы мүмкүн:

- Кыргыз бийлиги жана күч органдары тарабынан айрым өзбекстандыктар кайра кайтарылгандыгы тууралуу маалыматтарды биз да алганбыз. БУУнун качкындар комиссариатына жана миграция департаментине кайрылып, качкын макамын алууга жетишкендерге жеңилирээк болду. Бирок чоң агым менен качкын макамын алууга жетишпей калып, ушул убактарда жашырынып жүргөн карапайым адамдарга кыйын болду. Алар качкын катары ачыкка чыгып, миграция департаментине же жергиликтүү бийликке кайрылбагандыгынын себеби да кайра өзбек бийлигинин колуна тапшырылып калуу коркунучу болуп жаткандай.

Ал эми өзбекстандык укук коргоочу жана журналист, учурда Кыргызстанда качкын макамын ала албай жүргөн Толкун Караев өзүнө карай мындай аракеттер көрүлбөгөндүгүн, бирок кыргыз бийлиги тарабынан алардын коопсуздугуна кепилдик берилбей тургандыгы тууралуу эскертүү алгандыгын билдирди:

- Мен «качкын» макамын берүүнү сурап, Кыргызстандын миграция департаментине кайрылып, бул жакта жүргөнүмө үч ай болду. Бирок азырынча өзбек бийлигинин куугунтугун да, кыргыз бийлигинин кысымын да сезе элекмин. Бизге кыргыз бийлиги жана БУУнун качкындар боюнча комиссариаты тарабынан эскертүү берилди. Алар биздин коопсуздугубуз үчүн кепилдик бере алышпай тургандыгын билдиришкен.

Башкы прокуратуранын уюштуруу иштери боюнча кызматкери Сумар Насиза өзбекстандык качкындарды куугунтуктоого кыргыз бийлиги жардам берип жатат деген маалыматты четке какты. Анын айтымында, айрым эл аралык уюмдар тарабынан дале болсо такталбаган маалыматтар таркатылууда. Кыргызстан өзбек качкындарына байланыштуу эл аралык коомчулук алдында өз милдетин жазбай аткарды:

- Биз коогалаң болгон май айынан бери бир да өзбек качкынын кайтарып берген жокпуз. Ошондой эле өзбек бийлигинин эч кандай сураныч, өтүнүчү менен аларга жардам берген жокпуз.

Кыргыз бийлиги тарабынан 450 өзбек атуулуна качкын макамы берилип, үчүнчү өлкөлөргө өткөрүлүп берилген. Ал эми учурда Ош шаарындагы убактылуу кармоочу жайда отурган 4 адамдын тагдыры чечиле элек. Аларды миграция департаменти качкын деп таануудан баш тарткан. Бирок «Адилет» укуктук клиникасы качкындардын таламын талашып, миграция департаментин сотто утуп алган.
  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG