Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:03

Аба ырайы


БИШКЕК. Бишкектеги метеорологиялык борбордон маалымдашкандай, октябрдын он биринен он үчүнө чейин Талас, Нарын, Ысыккөл облустарында жана Чүй өрөөнүнүн тоо этектеринде 0 градустан -2 градуска чейин суук болуп, үшүк жүрөт. Үшүктүн жүрүшү айыл чарбасындагы түшүм жыйноо иштерине терс таасирин тийгизиши мүмкүн.

11-октябрда Кыргызстандын аймагы боюнча ала булут каптап турат. Жаан-чачын күтүлбөйт.

Абанын температурасы:

Сарыөзөн Чүйдө түнкүсүн +1...+6, күндүз +16...+21 градус жылуу. Ысыккөл ойдуңунда түнкүсүн +3...+8, күндүз +14...+19 градус. Жалалабат, Баткен, Ош чөлкөмдөрүндө түнкүсүн +7...+12, күндүз +22...+27. Талас жана Нарын дубандарында түнкүсүн 0...+5, күндүз +16...+21 градус жылуу болот.

Бишкек шаарында күн ачык болуп, абанын температурасы: түнкүсүн +3...+8, ал эми күндүз абанын жылуулугу +18...+20 градуска жетет.

Кабарлар топтомун Бурулкан Турдубек кызы, Айданбек Акмат уулу жана облустардагы кабарчылар даярдашты.

Редактор – Шайырбек Эркин уулу

XS
SM
MD
LG