Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:42

Жалалабат облусунда төрт адамга күйдүргү оорусу жукканы аныкталды


ЖАЛАЛАБАТ. Облустун Базаркоргон районундагы Бешбадам, Бешикжон, Чкалов жана Правда айылдарынын төрт тургуну күйдүргү оорусун жуктуруп алганы лабораториялык жактан аныкталды. Алар райондук оорукананын жугуштуу оорулар бөлүмүнө жаткырылып, медициналык тиешелүү жардам алышууда. Абалдары канаатандырарлык. Мындай маалымат 10-октябрда облустук санитардык-эпидемиологиялык станциядан алынды. Маалыматка караганда оорулардын экөөсү күйдүргүнү аргасыз союлган мал этинен, калган экөөсү кой этинен жуктуруп алышкан. Күйдүргү чыккан айыл-кыштактарда медициналык жана ветеринардык дарыгерлер атайын иш-чараларды жүргүзүүдө. Кеселдин башка адамдарга жукпоосу үчүн оорунун алдын алуу жол-жоболору тууралуу лекция окулуп, түшүнүк берилди. Кеселмандардын үй-бүлөсү жана мал-кой эттерин бөлүп алышкан адамдар толугу менен каттоодон өткөрүлүп, адамдардан жана союлган уй–койлордон тиешелүү анализдер алынды. Ички иштер башкармасынын маалыматы боюнча, ооруканага күйдүргүгө шектелген 9 адам жаткырылган. Райондун борборундагы мал жана эт, сүт базарлары жабылды.

XS
SM
MD
LG