Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:30

Карасуу базарына жаңы жетекчи дайындалды


ОШ. Карасуу райондук мамлекеттик администрациясынын башчысынын милдетин аткаруучу Абибилла Бабановдун буйругу менен Карасуу базарынын жаңы жетекчиси бекитилди. Бул кызматка Карасуу базарынын сатылышы мыйзамсыз деген далил менен сотко кайрылып, утуп чыккан “Ош арагы” акционердик коомунун жетекчиси Жолборс Осмонов дайындалды. Мындан бир ай илгери Карасуу райондук соту базардын Ош керек-жарак коому тарабынан “Кыргыз соода” биримдигине сатылышы мыйзамсыз деп таап, аны мамлекеттин менчигине өткөрүү жөнүндө чечим кабыл алынган. Учурда Карасуу базары Карасуу райондук мамлекеттик администрациясынын балансына киргизилип, иштеп келе жатат.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG