Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:06

Ошто МЫК деген коомдук бирикме түзүлдү


ОШ. Бул жөнүндө 10-октябрь күнү “Азаттык” радиосунун кабарчысына билдирген аталган коомдук бирикменин башкаруу кеңешинин төрагасы Абдырашит Урбаев МЫК - март ыңкылабын коргоо коомдук бирикмесин түзүүнүн зарылдыгын бир катар шарттар менен түшүндүрдү. Анын пикиринде, март айында бийликке каршы көтөрүлүп чыккан элдин мүдөөсү толук аткарылбай калып жатат. Урбаев мырза коомдук уюм социалдык адилеттүүлүктү сактоо, калктын турмушун көтөрүү жана коомдук башталышта ири коррупциялык иштердин бетин ачуу багытында иштерди жүргүзүү максатында түзүлгөндүгүн белгиледи. Аталган коомдук бирикменин уюштуруу кеңешинин чогулушунда учурдагы коомдук саясий кырдаал талкууга алынып, экономикага көңүл бөлүнбөй, өлкөдөгү саясий күчтөр тымызын ак сарай оюндары менен гана алектенип жатышат деген сыяктуу пикирлер басымдуулук кылды. МЫК коомдук бирикмесинин социалдык базасы жергиликтүү акын, жазуучулардан, журналисттерден жана шаардагы окуу жайларынын окутуучуларынан турат.

XS
SM
MD
LG