Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:43

Ишенгүл Болжурова Улуттук университетке ректор болду


БИШКЕК. «Өкмөттүн түзүмү жөнүндөгү» мыйзам ишке киргендигине байланыштуу өткөн аптада кызматынан бошотулган мурдагы вице-премьер-министрдин милдетин аткаруучу Ишенгүл Болжурова Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук университетинин ректору болуп дайындалып, ишке киришти. Ишенгүл Болжурованы жамаатка 10-октябрда билим берүү министри Досбол Нур уулу расмий тааныштырды. Ишенгүл Болжурова март ыңкылабына чейин Бишкек гуманитардык университетинин ректору, билим берүү министри болуп иштеп келген. Март ыңкылабынын алдында Кыргызстан Элдик кыймылынын жетекчилеринин бири болгон.

XS
SM
MD
LG