Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:47

Жарандык коом Конституциялык кеңешмеге жаңы тизме сунуштады


БИШКЕК. 10-октябрда жарандык коомдун Конституциялык кеңешменин мурдагы курамына мүчө өкүлдөрү жолугушуп, Конституциялык кеңешменин жаңы курамына байланышкан маселелерди талкуулашты. Жарандык коомдун өкүлдөрү кеңешменин мындан аркы ишинде Конституциялык реформа жүргүзүүгө олуттуу маани берүүнү жана чыныгы элдик мыйзамды иштеп чыгуу үчүн бир пикирде болууну макулдашты. Ошондой эле лидерлер президент Курманбек Бакиевге кат жолдошту. Катта Азимбек Бекназаров, Роза Отунбаева, Бегиш Ааматов, Рамазан Дырылдаев, Жоомарт Оторбаев өндүү саясатчыларды кеңешменин курамына киргизүү сунушу айтылат.

Президент Курманбек Бакиевдин өткөн аптадагы жардыгына ылайык, Конституциялык кеңешменин курамы 114төн 277ге чейин өстү жана бул курам 13-октябрда алгачкы отурумуна чогулат.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG