Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:35

«Менин өлкөм»: Президент бийлигин бөлүштүрүүсү керек


БИШКЕК. «Менин өлкөм» саясий партиясы Конституциялык реформага байланыштуу 10-октябрда билдирүү менен чыкты. Анда Конституциянын азыркы абалда сакталып калышы өлкөдө саясий жана социалдык нааразычылыкты пайда кылышы ыктымалдыгы белгиленген. Ошондуктан, Кыргызстан Борбор Азия өлкөлөрүнө үлгү көрсөтүп, авторитардык режимдерди орнотуу тенденциясын токтотууга тийиш, деп жазылган билдирүүдө. Кыргыз президенти өзүнүн ыйгарым-укуктарын парламент менен өкмөт пайдасына кыскартууга макул болуп, ал эми сот бийлигин ачык жана көз карандысыз кылууга аракет жасалыш керек. Биз парламенттик бийлик системасын жактайбыз жана өлкөнүн келечеги мына ушундай бийлик системасында, деп жыйынтыкталган билдирүү.

XS
SM
MD
LG