Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:10

Кыргыз президенти билдирүү таратты


БИШКЕК. 10-октябрда президент Курманбек Бакиев кыргыз-өзбек мамилесине байланыштуу билдирүү таратты. Анда диний-экстремистик коркунучтар өсүп баратат деген Өзбекстандын тынчыздануусуна Кыргызстан кошулаары айтылган. Биз региондо эл аралык террорчулук жана диний экстремизмге каршы күрөштү күчөтүү керек деген Ташкендин позициясын колдойбуз, деп белгиленген. Эки тараптуу мамилени чыңдоо үчүн кыргыз-өзбек чек арасында абалды турукташтыруу үчүн кошумча чараларды көрүү зарыл. Кыргызстан Өзбекстан менен соода-экономикалык байланыштуу чыңдоого өзгөчө маани берет жана бул багытта ишти күчөтүүгө даяр, деп айтылган кыргыз президентинин билдирүүсүндө.

XS
SM
MD
LG