Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:50

Конгантиев нааразылык акцияларын өткөрүүгө каршы


БИШКЕК. Жогорку Кеңештин мамлекеттик түзүлүш жана конституциялык мыйзамдуулук боюнча комитетинин төрагасы Камбаралы Конгантиев 10-октябрда өлкөдө митинг, жүрүш жана башка нааразылык акцияларын өткөрүүгө бир жылга мораторий киргизүүнү сунуштап чыкты. Ал өз сунушун өлкөдөгү абалды толук турукташтыруу зарылчылыгы менен негиздеди. Бирок Конгантиевдин сунушун депутаттар Болот Шерниязов жана Кубатбек Байболов кескин сынга алып, Аксы окуясы учурунда да адамдардын Конституциялык укуктарын чектөөчү ушундай сунуштар жасалганын жана ал Баш мыйзамга каршы келерин белгилешти. Камбаралы Конгантиевдин сунушунун өлкөдөгү өкмөттүк эмес уюмдар да кескин сынга алып, Конгантиевге комитет төрагасы катары ишеним көрсөтпөй тургандыктарын жарыялашты.

XS
SM
MD
LG