Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:02

Б. Эркинбаевди өлтүрүүгө тиешеси бар делген төрт адам кармалды


БИШКЕК. Жогорку Кеңештин депутаты Баяман Эркинбаевдин өлүмүнө тиешеси бар деп шектелип, төрт адам кармалды жана алардын үстүнөн тергөө жүрүп жатат. Алардын баары Кыргызстандын атуулдары. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук кызматынын төрагасы Таштемир Айтбаев 10-октябрда журналисттерге билдирди. Бул күнү Таштемир Айтбаев Баяман Эркинбаевдин өлүмүнө байланыштуу кылмыш ишти иликтөөнүн жүрүшү жөнүндө депутаттарга жабык эшик артында маалымат берди. Депутат Тынычбек Акматбаевдин билдирүүсүнө караганда, Улуттук коопсуздук кызматынын төрагасы Баяман Эркинбаевди аткан кишинин аты-жөнү белгилүү экенин жана аны кармоо боюнча чаралар көрүлүп жатканын депутаттарга билдирген.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG