Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:04

Пакистандагы жер титирөөдөн өлгөндөрдүн саны 40 миңге жетиши мүмкүн


Байкоочулардын айтымында, ишемби күнү Пакистандын түндүгүндө болгон жер титирөөдөн өлгөндөрдүн саны 30 миңден 40 миңге чейин болушу мүмкүн. Зилзаланын күчү анын очогунда Рихтер өлчөмү боюнча 7,6 баллга жеткен. АКШ президенти Жорж Буштун айтымында, жапа чеккендерге жардам берүү үчүн Америка бардык мүмкүн болгон чараларды көрөт:

- Биз бардык мүмкүн болгон жолдор менен жардам көрсөтөбүз. Накталай акча жана башка аспаптар менен кийим-сийим жиберүүнү биз баштадык.

Кошуна Индияда жети жүздөй адам курман болду. Бириккен Улуттар, АКШ, Британия, Кытай, Испания, Жапония, Сауд Арабия, Түркия, Орусиядан келген адистер аман калгандарды издөө иштерине катышууда.

XS
SM
MD
LG