Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 07:46

Күчтүү жер титирөөгө кабылган Пакистанга дүйнөнүн бир катар өлкөлөрү өз жардамдарын жөнөтүүдө. Кырсык болгон аймакта учурда чет элдик куткаруучулар да иштеп жатат. Пакистан өкмөтү зилзаладан 20 миң адам каза тапканын ырастады. Бирок бул сан 30-40 миңге чыгып кетиши ыктымал. Ал эми үй-жайсыз калгандардын саны 4 миллион адамга жетиши мүмкүндүгү болжолдонууда.

Пакистандын Метереология кызматынын баш директору Камар уз-Заман Чодхарай "Азаттык жана Эркин Европа" радиосуна берген интервьюсунда ишемби күнкү зилзаланы соңку бир кылымдай мезгил ичиндегилердин эң күчтүүсү деп атады:

- Бул аймак сейсмикалык жактан анча активдүү эмес болчу. Мурда бул аймактан Рихтер таякчасы боюнча 4 баллдын айланасындагы жер силкинүүсү байкалган же катталган. Демек иш жүзүндө бул 100 жыл же буга жакын мезгил ичиндегилердин эң күчтүүсү болду.

Өткөн ишембидеги зилзаланын күчү 7,6 баллды түзүп, очогу башкаала Исламбаддан 100 чакырымдай түндүк батышта, Пакистан-Индия ортосунда талашка түшүп келе жаткан Кашмирдин аймагында орун алган эле.

Дүйшөмбүдө эртең менен Ислмабадда куткаруучулар оң кабат үйдүн урандылары алдында 37 саат боюу жаткан адамды аман-эсен алып чыгышты:

- Мен ырайымдуулугун көргөзүп, аман калтырганы үчүн Кудайга ыраазычылыгымды билдирем. Себеби, мен ушул сааттар боюу аман калам деген үмүттө болдум. Мындай кырдаалда сабырдуулук керек, - дейт ал.

Аны куткаргандардын арасында зилзаладан кийинки алгачкы сааттарда эле эле атайы үйрөтүлгөн иттери жана угуучу аспаптары менен жетип келген британиялык адистер да бар эле. Бирок кырсыктан эки сутка өткөн соң да куткаруучулар Кашмирдин Пакистан көзөмөлдөгөн бөлүгүндө, жер титирөөнүн очогу болгон көптөгөн кыштактарга жете алган жок. Ушул чөлкөмдүн коммуникация министри Тарик Махмуддун айтымында, Кашмирдин өзүндө эле өлгөндөрдүн саны 30 миңди түзүшү мүмкүн.

Жер титирөөнүн кесепеттерин Пакистан өз мүмкүнчүлүгү менен жойо албасы айныксыз. Жекшембиде президент Первез Мушарраф эл аралык коомчулуука дары-дармек, кийим-кече, эл башкалкалоочу чатырлардан жардам көргөзүү, тик учмаларды жөнөтүү өтүнүчү менен кайрылган эле. АКШнын президенти Жорж Буш жардамды тез жөнөтүү жөнүндөгү чакырыкка жооп бергендердин бири болду:

- Биз жардамды мүмкүн болгон бардык жол менен көргөзөбүз. Накталай акча аспаптарды, жана Пакистан элине жардам берүүчү буюм-теримдерди жөнөтө баштадык.

АКШнын жүк салган алгачкы учагы дүйшөмбүдө эртең менен Исламабаддын жанындагы Равалпинди шаарына келип конду. Ошондой эле Кошмо штаттар Ооганстандагы аскерий базасынан жолдору жабылып калган тоолуу кыштактарга жардам таратуу үчүн сегиз тик учагын жөнөттү. Учурда Улуттар уюмунун сегиз өкүлү зилзаладан эң көп жапа чеккен аймактарда куткаруу жана жардам көргөзүү иштерин кординациялоодо. Куткаруучулар Британия, Германия, АКШ, Франция, Түркия, Иордания, Кытай, Жапония, Орусия, Испания, Сауд Арабиядан келишти.

Ал эми Кашмирдин Индияга караштуу бөлүгүндө, расмий өкүлдөрдүн айтымында, жер титирөөдөн каза тапкандардын саны 750дөн ашты. Үй-жайынан айрылган адамдардын саны100 миңдей деп эсептелүүдө.

Келип түшкөн маалыматтарга караганда, Кашмирдин Индияга караштуу бөлүгүндө эң көп дегенде 14 кыштакка жетүү мүмкүн эмес болууда. Себеби, жер титирөөдөн кийинки жер көчкү тоодогу ансыз деле тар жолдорду бууп калган.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG