Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:27

САНКТ-ПЕТЕРБУРГ САММИТИ, КАРАКЕЧЕ КӨЙГӨЙҮ, ПИКЕТ ЭРКИНДИГИ, ТЭЦ КЫШКА ДАЯР


11-октябрдагы өлкөнүн маалымат каражаттарында негизги тема Cанкт-Петербургдагы саммит, турак үй куруу үчүн жер алуучулардын көйгөйлөрүнүн күнгөй-тескейи, парламентте каралган маселелер тууралуу болду.

11-октябрдагы “Агым” гезитинде журналист Мамат Сабыров Санкт-Петербургдагы саммиттин жүрүшү тууралуу репортаж берди. Мында Санкт-Петербургдагы Өзбекстандын элчилигинин имаратында президенттер Курманбек Бакиев менен Ислам Каримов жабык эшик артында, көзмө-көз жолукканы, кыргыз- өзбек чегараларындагы абалды жөнгө салуу боюнча биргелешкен чараларды көрүү жөнүндө макулдашканы, саммиттеги каралган башкы маселе - Борбор Азия кызматташтык уюмун Евразиялык кызматташтык уюмуна кошуу талкууга алынганы маалымдалат.

“Агымдын” “Беш сап саясый дидар” рубрикасында кабарчы Асланбек Сартбаев Нурлан Мотуев менен Данияр Үсөновдун бейенесин ачууга аракет кылган. “Чындыгында Нурлан Мотуевдин жалпыга маалым иш-аракети бийликке жаккан жок. Эсебин берели дешсе артында Жумгал эли турат. Өткөн жумада Улуттук коопсуздук кызматы кыянаттык кылып жатат маанисиндеги митингди Нурлан мырза өткөздү, бийликке көзүңдү ач дегендей айбат жасады. Ал эми азыр, Жумгал элине түшүндүрүү иштерин жүргүзүү менен Нурлан Мотуевди Каракечеден каңтарабыз дегендей тымызын оюн башталды”, деп жазат автор.

Андан ары Данияр Үсөновдун дидарын ачып, “Ачыгын айтуу керек, Акаевдердин мүлкүн изилдөөдө Данияр канчалык жемиштүү иштегени коомчулукка анчалык ачык-айкын эмес, туман бойдон калды. Же экс-президенттин туугандарынын мүлк- объектилери толугу менен мамлекетке өттүбү? Ушу туурасунда күйүп-бышкан экс-прокурор Азимбек Бекназаров “менчикти менчик бойдон калтырып жатышат” деп айтып чыкпадыбы? А Данияр Үсөнов эмнеге бүгүн үндөбөйт? Көңтөрүлүштөн кийинки популярдуулук каякта? Эл арасында болсо “жаш депутат Өмүрбек Бабанов Данияр Үсөновдун мизин кайтарып койду” дегендей кептер каңгып жүрөт... Учурдагы саясый аренада Данияр Үсөнов унчукпаган позиция күтүп, алды- артына абай салып турган чагы”, - дейт “Агым” гезитинин кабарчысы Асланбек Сартбаев.

11- октябрдагы “Аалам” гезити баяндамачы Рыскелди Момбековдун “Анда-мында, өгүзүм өлбө, арабам сынба” деген макаласына орун берди. Мында өкмөттүн курамы, “Бакиев-Кулов” тандеминин таасири тууралуу кеп болот. “Учурдагы өкмөтүбүздүн өгүзү өргө чыгабы же жарым жолдо арабасы сынабы, азырынча айтыш кыйын. Жаңы өкмөттүн арабасындагы жалгыз аялзатын кошпогондо, жалаң эле кырктын кырынан ашкан, элүүнүн этегин баскан эркектер кетти. Жаңы өкмөттүн курамынан жаш муундун өкүлдөрүнө орун тийбей калганы өтө өкүнүчтүү. Жаңы мамлекет, өкмөт башчыларыбыздын “жаш муундун өкүлдөрүн мамлекеттик жумуштарга тартабыз” деген жалындуу сөздөрү кургак бойдон калды. Бизден эртерээк революция жасоого үлгүргөн Грузия мамлекетинин өкмөттүк курамынын орточо жаш курагы 35 жаш болсо, биздин өкмөттүн орточо жаш курамы 50 жаш болду”, - деп жазат автор. “Эгерде учурдагы өкмөтүбүз саясат менен алпурушуп, саясый оюндар менен гана алектене беришсе, мындай нерсе барып-барып жарылып, саясый кризиске такалат. Өкмөттүн өтүгү жаңы болгону менен, аны кийген адамдар эски. Ошондуктан эски издерге түшүп кетпесе эле болгону”, деп жазат макаланын автору Рыскелди Момбеков.

11-октябрдагы “Эркинтоо” гезити Санкт-Петербургдагы саммит, президенттин администрация жетекчиси Үсөн Сыдыковдун Чүй облусун кыдырышы тууралуу маалымдады. Өлкөнүн маданият министри болуп дайындалган Султан Раев менен болгон маектешүүдө, айыл маданиятын көтөрүүнүн зарылдыгы айтылат.

11-октябрдагы “Кыргыз туусу” гезити да Санкт-Петербургдагы саммитте каралган маселелер, өкмөт башчысы Феликс Куловдун Бишкек шаарындагы жылуулук электр борборунда болуп, кышка даярдык менен таанышуусун, Жогорку Кеңештин депутаты Баяман Эркинбаевдин өлүмүнө шектүү делген 4 адамдын кармалышы тууралуу маалыматтарды жарыялады. Ошондой эле Искак Раззаковдун 95 жылдыгына карата жазуучу Көчкөн Сактановдун романынан үзүндү берилди.

10-октябрдагы “Вечерний Бишкек” гезити өлкөнүн баңгизаттарды көзөмөлдөө агентигинин жаңы жетекчиси генерал-майор Болотбек Ногойбаев менен болгон кабарчы Азамат Касыбековдун маегин жарыялады. Мында 9 айда агенттик тарабынан 173 кылмыштын бети ачылып, 181 килограмм 345 грамм баңги зат кармалганы, коңшу өлкөлөр менен бирге иш жүрүп жатканы тууралуу баяндалат.
  • 16x9 Image

    Кабыл Макеш

    "Азаттыктын" спорттук баяндамачысы. Кыргыз улуттук университетинин журналистика бөлүмүн бүткөн. Кыргызстандын дене тарбия жана спорт энциклопедиясынын жана төрт китептин автору.

XS
SM
MD
LG