Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:51

БШКнын МУРДАГЫ ТӨРАГАСЫ СУЛАЙМАН ИМАНБАЕВДИН СОТУ 18-ОКТЯБРГА ЖЫЛДЫРЫЛДЫ


10-октябрда Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунда судья Аман Сариевдин төрагалыгында Сулайман Иманбаевдин үстүнөн сот жараяны жүрдү. БШКнын экс-төрагасына башкы прокуратура тарабынан парламенттик шайлоо учурунда Шайлоо кодексинин нормаларын бузган, кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган деген айып тагылууда. Айыптоочу тараптын жана күбөлөрдүн көрсөтмөлөрүнөн кийин сот ишин 18-октябрга жылдырды.

Биринчи май райондук сотунда Борборук шайлоо комиссиясынын мурдагы төрагасы Сулайман Иманбаевге карата козголгон кылмыш иши каралды. Ага Кылмыш кодексинин 304-беренесинин үчүнчү бөлүгү жана 305-беренесинин экинчи бөлүгү боюнча ээлеген кызматынан кыянаттык менен пайдаланган, парламенттик шайлоо учурунда Шайлоо кодексинин нормаларын бузган деген айып тагылып, башкы прокуратура тарабынан анын иши сотко өткөрүлгөн.

Соттук териштирүүдө мамлекеттик айыптоочу, Биринчи май районунун прокурору Бакыт Осмоналиев буларды айтты:

- Замира Сыдыкованын арызында, парламенттик шайлоодо №1 Университет шайлоо округунда талапкерлигин койгон Бермет Акаева 24-январдан 25-февралга чейин үгүт иштерин жүргүзүү үчүн 470 миң сом жумшаган. Ошондой эле арызда 4-мартта “Алга, Кыргызстан!” саясий партиясы “Учкун” акционердик коомунан 20 миң үгүттөө баракчаларын жана 8-мартка карата 5 миң куттуктоо баракчаларын чыгаргандыгы көрсөтүлгөн. Шайлоо кодексинин 30-беренсинин 10-бөлүгүнө ылайык, басма продукцияларына каражат бирдей жумшалышы керек эле.

-Анын билдирүүсүнө караганда, «Алга, Кыргызстан!» саясий партиясы Шайлоо кодексинин айрым беренелерин одоно бузса дагы БШК тарабынан аталган партияга колдоо көрсөтүлүп, шайлоого талапкер Бермет Акаевага мандат берилген. Башкы прокуратура тарабынан Иманбаевге тергөө жүргүзүлүп, шайлоо алдындагы үгүт иштер талапкердин шайлоо фондунан гана каржыланышы керек деген мыйзамдык норманы жакшы билсе дагы бул ишке көз жуумп койгон жана кызматтык абалынан ашыкча пайдаланган деп айыптаган.

Соттук териштирүүдө күбөлөр да көрсөтмө беришти. БШКнын мүчөсү, көзөмөлдөп-текшерүү бөлүмүнүн башчысы Өкүмбай Турусбеков буларга токтолду:

- Замира Сыдыкованын жазган арызы боюнча атайын жумушчу топ түзүлүп, “Учкун” акционердик коомунда чыгарылган үгүт баракчалары жана куттуктоо кагаздарын текшергенде эч кандай финансылык тартип бузуу болгон эмес. Бардыгы мыйзамдын чегинде жүргүзүлгөн.

Өкүмбай Турусбековдун айтымында, БШКнын чечими менен саясий партиялардын шайлоо алдындагы үгүт иштери боюнча атайын инструкция кабыл алынып, ага ылайык, партиялар үгүт иштерине 10 млн. сомго чейин каражат жумшоого мүмкүнчүлүктөрү бар.

Ал эми Сулайман Иманбаевдин адвокаты Галина Скрипкина экс-төрагага коюлган айыптар негизсиз деген пикирде:

- Биз тергөө жүрүп жатканда эле Иманбаевдин иштеринде эч кандай кылмыш иши жок деп, бул ишти токтотууну өтүнүп башкы прокуратурага кат жүзүндө кайрылганбыз. Бирок алар оор кылмыш тагып, сотко өткөрүп коюшту. Ага тагылган берене боюнча 8 жыл эркинен ажыратуу керек. Бирок Иманбаевге тагылган айып жасалма.

Жогорку Кеңештин депутаты Султан Урманаев экс-төраганын үстүнөн козголгон кылмыш иши саясий тапшырма болушу мүмкүн деген пикирде:

- Менин оюмча, мында кандайдыр бир саясий тапшырма бар. Себеби, 24-марттан кийин мурдагы режимде иштеген органдардын баарын күнөөлөп кирбедикпи. Эйфория башталды. Сулайман Иманбаев мына ошонун курмандыгы болду деп ойлойм.

Сулайман Иманбаев өзу болсо, сот акыйкат чечим чыгарат деген ишенимде:

- Мага карата коюлган айыптар негизсиз. Замира Сыдыкованын берген арызына, БШКнын атынан менин берген жообумду сотто негиздеп, бардыгын түшүндүрүп айтып бердим. Мени кылмыш жообуна, өтө оор айып менен сотко чакырып, тартып атат. Мен ойлойм,акыйкаттык болот. Бул иш эч кандай негизи жок. Эч кандай колдоого алып, мени жазага тартууга мүмкүн эмес.

Сулайман Иманбаевдин үстүнөн козголгон кылмыш ишин териштирүүнү Биринчи май райондук соту 18-октябрда уланта турган болду.

XS
SM
MD
LG