Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:37

КОНДОЛИЗА РАЙС БИШКЕКТЕ


Бакыт Аманбаев, Бишкек АКШнын Мамлекеттик катчысы Кондолиза Райс 11-октябрда Кыргызстанга иш сапары менен келди. Адегенде ал «Манас» аба майданындагы «Ганси» эл аралык аскер базасында болду. Андан соң өлкөдөгү бейөкмөт, саясий партия өкүлдөрү жана Жогорку Кеңештин депутаттары менен жолугушту. Кондолиза Райс өз сөзүндө АКШ Кыргызстандагы соңку мезгилдери болгон саясий окуяларды кылдат байкап тургандыгын айтып, Кошмо штаттары Кыргызстандагы демократиялык реформалардын ийгиликтүү ишке ашаарына ишене тургандыгын билдирди.

АКШнын Мамлекеттик катчысы Кондолиза Райс “Ганси” аба базасынан кийин дароо эле өлкөдөгү коомчулуктун өкүлдөрү менен жолугушту. Жолугушууга Жогорку Кеңештин депутаттары, бейөкмөт жана сасий партиялардын өкүлдөрү, Конституциялык соттун төрайымы Чолпон Баекова, Жогорку Кеңештин төрагасы Өмүрбек Текебаев катышышты. Адегенде АКШнын мамлекеттик катчысы кыска сөз сүйлөп, АКШ Кыргызстандагы соңку мезгилдери орун алган саясий окуяларга кызыгуу менен көз салып тургандыгына токтолду:

- Биз Кыргызстандагы түстүү ынкылапты жана мамлекеттин тагдырын өз колуна алып, демократиялык реформаларга мүмкүндүк берген кыргыз коомчулугунун аракетине кызыгуу менен кылдат байкап турдук.

Кондолиза райс ошондой эле Кыргызстандын мамлекет башчысы жана премьер министринин ыңкылаптан кийинки өлкөдөгү коррупцияга жана жакырчылыкка каршы күрөшүү аракетин колдой тургандыгын билдирди. Ошондой эле ал АКШ кыргыз коомчулугунун досу экендигин жана эки өлкөнүн ортосундагы мамиле келчекте өнүгө турганына ишене тургандыгын жашырган жок:

- Өкмөт жана жарандык коомдун өкүлдөрү билесиздер АКШ сиздердин досуңуздар жана сиздердеги демократиялык рефомалардын ишке ашаарына ишенет. Ошондой эле АКШ менен Кыргызстандын ортосундагы кызматташтык келечекте да өнүгөөрүнө ишенем.

Кондолиза Райс жолугушууга келген коомчулуктун өкүлдөрүн өлкөдөгү Конституциялык жана экономикалык реформалар тууралуу ачык айкын баарлашууга чакырды. Андан соң Жогорку Кеңештин төрагасы Өмүрбек Текебаев сөз сүйлөдү. Текебаев өз сөзүндө жаңы кылымдын душманын дүйнө элдери бири-бири менен жакындан биригишип, кызматташканда гана жеңээрин айтып, демократиялык иш чараларды жүргүзүүдө Кыргызстан менен АКШнын кызыкчылыгы төп келет деген оюн ортого салды:

- Менин оюмча, демократияны өнүктүрүү жана жайылтуу багытындагы бардык иш чараларда биздин өлкөлөрдүн кызыкчылыгы төп келет.

Андан соң Конституциялык соттун төрайымы Чолпон Баекова сөз сүйлөдү. Ал март ыңкылабынан кийин өлкөдө түзүлгөн оор сасий жагдайда Конституциялык сот түзүлгөн кырдаалды мыйзамдуу жол менен чечүүгө аракет кылгандыгын эскерди:

- Бардыгыңыздарга маалым болгондой, март окуясынан кийин мурдагы мамлекет башчы Аскар Акаевдин өлкөдөн качып кеткенде, Конституциялык сот өлкөдө түзүлгөн кырдаалды мыйзамдуу жол менен чечүүгө аракет кылды.

Чолпон Баекова 24-марттан кийинки күнү ошол мезгилдеги өкмөт башчы Николай Танаевге бийликти революция жетекчилерине мыйзамдуу өткөрүп берүүнү сунуштагандыгын жана Танаев анын мындай сунушун четке каккандыгын эскерди.

Конституциялык соттун төрайымы Чолпон Баекованын сөзү бүтө электе эле журналистерди жыйындар залынан чыгарып жиберишти. Ошентип, АКШнын Мамлекеттик катчысы Кондолиза Райс менен коомчулуктун өкүлдөрүнүн баарлашуусу жабык эшик алдында өткөрүлдү.

Жыйындын катышуучуларынан алынган маалымат боюнча, журналисттер чыгып кеткенден кийин алар өлкөдөгү Конституциялык жана экономикалык реформа, эки өлкөнүн ортосундагы кызматташтык боюнча пикир алмашышты. Бул жыйындан соң Кондолиза Райс мамлекет башчы Курманбек Бакиев, өкмөт жетекчиси Феликс Кулов менен жолугушуп, журналисттерге маалымат жыйын өткөрүлөөрү айтылды.

XS
SM
MD
LG