Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:05

АКШ мамлекеттик катчысы Бишкекте болду


Борбор Азияга төрт күндүк сапар менен чыккан АКШ мамлекеттик катчысы Кондолиза Райс биринчи келген мамлекет Кыргызстан болду. 11-октябрда Бишкекте ал президент Курманбек Бакиев, премьер-министр Феликс Кулов жана башка жетекчилер менен жолугуп, өлкөдө жүргүзүлүп жаткан реформаларга жогору баа берди жана жаңы Конституцияны жылдын аягына чейин даярдап бүтүш керек, деп билдирди. Райстын айтымында, Кыргызстанда көрүлүп жаткан аракеттерге АКШ жардам көрсөтөт. Кыргызстандан кийин Райс Ооганстанга, андан соң Тажикстан менен Казакстанга барат.

XS
SM
MD
LG