Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:54

ПАКИСТАН ДҮЙНӨ ЭЛИНЕН ЖАРДАМ КҮТҮҮДӨ


Бүбүкан Досалиева, Прага шаары Өткөн ишемби күнү жети жарым баллдык жер титирөөгө кабылган түндүк Пакистан менен Кашмирдин миңдеген тургундары дүйнө элинин жардамын күтүп жатат. Эл аралык коомчулук аларга миллиондогон долларларды жибере баштады. Бирок жер титирөө кырсыкты башынан бирдей кечирип жаткан Индия менен Пакистандын бийликтеринин карама-каршылыгын жое алган жок.

1999-жылы Греция менен Түркия чектешкен аймакта жер титирөө болгондо расмий Анкара менен Афина он жылдап созулган душмандык мамилесин артка таштап, жапа чеккендерге тамак-аш, медициналык жардам жана куткаруучуларды дароо жиберишкен. Мындай аракет ошондон кийин эл аралык мамиледе «жер титирөөнүн дипломатиясы” деген термин менен колдонууга кирген. Ушундан улам бүтүндөй шаар, кыштактарды жер менен жексен кылган ишембидеги зилзаладан кийин Индия менен Пакистандын каршылаштыгы басаңдап, жапа чеккендерге жардам эки жактан бирдей берилет деген үмүт болгон. Бирок үч күндөн берки кырдаал Чыгыш Азия “жер титирөө дипломатиясына” даяр эмес экендигин көрсөттү. Пакистан Индия жиберген 25 тонналык чатыр, төшөк жана дары-дармектерди кабыл алды. Анткени, ушундай көлөмдөгү жардамды Исламабад 2001-жылы Индиянын Гуджаратында жер титирөө болгондо жиберген болчу. Бирок чет мамлекеттерден куткаруучулардын жардамы менен тамак-аш, дары-дармек сурап жаткан Пакистан Индия жиберели деген тик учмалар менен куткаруучулардан баш тартты.

Пакистанда англис тилинде чыгуучу “Таң заарда” аттуу гезиттин редактору Злауддиндин айтымында, Пакистандын эң тоолуу аймагы болгон Кашмирдеги элди куткаруу үчүн тик учмалар абдан зарыл болуп жатат:

- Кашмирге барчу жолдун баары жабылган. Кичине жана бир аяк жолдор ачык, бирок алар аркылуу көп азык-түлүк жана башка буюм-тайымдарды жеткирүү мүмкүн эмес. Тик учмалар аларды дароо жеткирмек жана тирүү калган адамдарды куткарууга катышмак.

Гезиттин жер титирөө болгон Муззафарабаддан кабар берген журналистинин айтымында, кырдаал абдан опурталдуу, анткени, урандылардын алдында миңдеген адамдар калды. Аман калгандар болсо ачык асман алдында ичээр сууга жетпей, ачка жатышат:

- Кырдаал опурталдуу. Жарадарлар көп. Өлгөн адамдардын сөөктөрү шаардын бардык тарабында жатат. Кашмирдин бийлик башчысы шаарды көрүстөн деп айтты.

Британиянын Нью-Делиде чыгуучу "Jane's DefenseWeekly" деген гезитинин кабарчысы Рахил Бединин айтымында, Пакистандын Индиянын жардамынан баш тартышы көп адамдардын өмүрүнө тете болушу ажеп эмес. Анткени, Индиянын куткаруучулары үчүн Кашмирге баруу абдан жакын жана тамак-аш менен дары-дармектерди жеткирүү оңой болмок. Бирок ага саясат бут тосууда:

- Индия Пакистандын Кашмирине географиялык түзүлүшү оңтойлуу жактан барып, жардам берүүнү сунуш кылды. Бирок ал кабыл алынган жок. Мындай абал кырсыктан жапа чеккен адамдарды куткаруу ишин саясатка көз каранды кылып жатат. Эгер Индиянын куткаруучулары өз өлкөсү тарабынан барса бир топ адамдын өмүрү сакталып калмак.

Ал эми Пакистандын өкмөтү түндүк Пакистан менен Кашмирде зилзаладан каза болгондордун санын азырынча 22 миң 488 адам деп билдирди. Кашмирдин Индиянын башкаруусундагы тарабында 1 миң 100 адам каза болду деп жатышат. Ал эми расмий эмес маалымат булактары набыт кеткендердин саны 40 миңден кем эмес деп кабарлашууда.

XS
SM
MD
LG