Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:44

Аба ырайы


БИШКЕК. 12-октябрда Кыргызстандын аймагы боюнча күн ачык болот. Түндүк-батыш тараптан салкын жел жүрөт.

Абанын температурасы:

Сарыөзөн Чүйдө түнкүсүн +1...+6, күндүз +16...+21 градус жылуу. Талас өрөөнүндө түнкүсүн 0...+5, күндүз +15...+20 градус. Республиканын Баткен, Жалалабат, Ош облустарында түнкүсүн +6...+11, ал эми күндүз +21ден...+26 градуска жылыйт. Көл кылаасында түнкүсүн +2...+7, күндүз +13...+18. Тоолуу Нарын жергесинде түнкүсүн 0...+5, күндүз +16...+21 градус.

Бишкекте сейрек булут каптап турат. Жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы: түнкүсүн +3...+5, күндүз +18...+20 градус жылуу болот деп кабарлашат, Кыргызстандын синоптиктери.

Кабарлар топтомун Азиза Турдуева, Шайырбек Эркин уулу жана облустардагы кабарчылар даярдашты.

Редактор – Шайырбек Эркин уулу

XS
SM
MD
LG