Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:32

Каракечеде абал кандай?


БИШКЕК. “Көмүр” мамлекеттик ишканасынын жетекчиси Пайзулла Рахманов Каракечедеги кырдаалды күч колдонуу менен эмес, сүйлөшүү жолу менен чечүү зарыл деп эсептейт. Бул тууралуу ал 11-октябрда «Кабар» маалымат агенттигиндеги маалымат жыйынында билдирди. Анын айтымында, өкмөт Каракечедеги чыныгы абалды, Жумгал районунун элинин маанайын билбейт. Ошондой эле ал учурда Каракечедеги беш ишканада тең көмүр казылып жатканын, буга дейре 90 миң тонна көмүр казылып алынганын белгиледи.

Ал эми учурда “Акулак” мамлекеттик акционердик коомун жетектеп турган Нурлан Мотуев “Каракечедеги абал туруктуу, эгер бийлик, милиция күч колдоно турган болушса аларды каршы алууга Жумгалдын бир канча айылдарынын эли даяр”, - деп билдирди 11-октябрда “Азаттыкка”

Каракече көмүр кенинде түзүлгөн кырдаал боюнча Жогорку Кеңеш 10-октябрда токтом кабыл алып, анда кендеги мыйзам бузууларды токтотуу талабы коюлган жана аны аткаруу үчүн аткаруу бийлигине бир жума убакыт берилген. Депутаттар Каракече көмүр кенин басып алуучулардын башчысы Нурлан Мотуевге каршы кылмыш ишин козгоону да талап кылышкан.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG